https://sputnik.kg/20210127/zhaparov-inauguratsiya-min-konok-pchr-test-tapshyrgan-1051237895.html
Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык конок чакырылды. Баары ПЧР-тест тапшырган
Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык конок чакырылды. Баары ПЧР-тест тапшырган
Sputnik Кыргызстан
Инаугурация өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. 27.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-27T10:41+0600
2021-01-27T10:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
инаугурация
ант
садыр жапаровдун инаугурациясы
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0d/1050425358_1193:257:2999:1278_1920x0_80_0_0_c8da14762f0e8b4325de795aad767ee0.jpg
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун ант берип, расмий түрдө кызматка киришүү иш-чарасы өтөт.Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Аземге катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.Инаугурация өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.Садыр Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп алдыга чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Жапаров 79,2 пайыз добуш менен жеңип чыкканын жарыялады.
https://sputnik.kg/20210126/zhehehnbekov-zhaparov-inauguraciya-1051230841.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0d/1050425358_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_77c467eee957bdd41e63d3bd80b75ed0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, инаугурация, ант, садыр жапаровдун инаугурациясы
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, инаугурация, ант, садыр жапаровдун инаугурациясы
Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык конок чакырылды. Баары ПЧР-тест тапшырган
10:41 27.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Инаугурация өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти
Садыр Жапаровдун ант берип, расмий түрдө кызматка киришүү иш-чарасы өтөт.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аземге катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.
"Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Чакырылгандардын баары коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ тапшырышкан", - деп айтышты маалымат кызматтан.
Инаугурация өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.
Садыр Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна
ээ болуп алдыга чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Жапаров 79,2 пайыз добуш менен
жеңип чыкканын жарыялады.