Депутаттарга Жапаровдун инаугурациясына жеке унаа менен келүүгө тыюу салынды

© AFP / Joe Raedle / Getty ImagesLexus жол тандабастары. Архив
Lexus жол тандабастары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрүн президенттик кызматка киришүү аземине парламенттен автобустар менен алып кетип, кайра алып келет.   
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында кулактандыруу жасады.
Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн бардыгын чогуу-чаран автобустар менен алып барып, алып келет.
“Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруу баракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушу керек. Жеке транспорт менен барууга тыюу салынат. Иш-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет”, — деди Касымалиева.
Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой турганын эскертти.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 27-январда, Улуттук филармонияда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0