Баткенде шахта урап түшүп, бир киши дайынсыз болууда

Жазылуу
Шахтада калган кишини издөөгө куткаруучулардан тышкары медиктер, милиционерлер жана ишкана кызматкерлери тартылды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарында "Ашымбай" (ЖЧК) шахтасы урап түшүп, ичинде калып калган бир киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Куткаруучуларга билдирүү кечээ, 22-декабрь күнү, саат 10:40та түшкөн.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, Тез жардам кызматынан бир бригада, ИИМден бир экипаж, шахта башчысы жана 20 жумушчусу тартылган.

Издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0