https://sputnik.kg/20201213/kumurskachynyn-kulkuluu-videosu-1050759867.html
Алдыңкы буттарын керип, иттерге айбат кылып. Кумурскачынын күлкүлүү видеосу
Алдыңкы буттарын керип, иттерге айбат кылып. Кумурскачынын күлкүлүү видеосу
Sputnik Кыргызстан
Бразилиядагы Пекено-Параисо шаарынын тургуну иттерин сейилдетип жүрүп кызык окуяга туш болгон. Жапайы жаныбар арсылдаган иттердин көзүн аз жерден оюп ала... 13.12.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-12-13T10:52+0600
2020-12-13T10:52+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0d/1050759889_0:27:1153:679_1920x0_80_0_0_1b26aa39f54345714e4e07b5cb5eaab3.jpg
бразилия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0d/1050759889_0:-1:1147:720_1920x0_80_0_0_bd9b0de8ac39ae5294cf50cdd85ae874.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, мультимедиа, видео, бразилия
дүйнөдө, мультимедиа, видео, бразилия
Алдыңкы буттарын керип, иттерге айбат кылып. Кумурскачынын күлкүлүү видеосу
10:52 13.12.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бразилиядагы Пекено-Параисо шаарынын тургуну иттерин сейилдетип жүрүп кызык окуяга туш болгон. Жапайы жаныбар арсылдаган иттердин көзүн аз жерден оюп ала жаздаган.
Кызыктуу окуя тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.
Ишке кетер алдында иттерин эшикке чыгарып келейин деген киши үй жаныбары менен жапайы айбандын кармашына аз жерден күбө болуп кала жаздаган.
Сейилдеген жерди бойлото курулган коргондун кырындагы кумурскачынын (тамандуа) адегенде эч кимге тийишпей отурганын байкоого болот. Жакындап келген иттер аны көздөй секирип, тиштөөгө аракет кылганда жоош деген жаныбар чагылгандай кыймылы менен айбат кыла тура калган. Эки аяктаган тамандуа алдыңкы буттарын болушунча кулач сымал керип, коргонууга өткөн. Жердеги арсылдаган иттин көзүн узун тырмактары менен аз жерден оюп ала жаздаган. Аны менен кошо иттер жакындап үргөн сайын, кышылдаган үн чыгарып, айбат кылып жатканын көрүүгө болот.
Жаныбардын бул турушу эргежээл адамдын эки колун эки жакка болушунча жайып алгандай элес калтырат.
Иттерин тынчтандырган кожоюн кумурскачыны дубалдан акырын алып мүшөккө салып, токой четине алып барып коё берген. Маалыматта жаныбардын жабырланбагандыгы айтылган.