"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин адистери тарабынан ("Осьминог 3" деген жашыруун аталышта) жарым жыл аралыгында америкалык белдүү он маалымат каражатында РФ аталган же ал туурасындагы макала-материалдар талданды. Натыйжада америкалык медиа чөйрөдөгү, демек, америкалык саясаттагы Россия жаатындагы контекст жана ал аткарган роль эми түшүнүктүү. Россияга карата мамиле, ошону менен бирге эле келечекте көрүлө турган аракеттер да болжолдуу түрдө айкын болуп калды. Дал ушунун тегерегинде РИА Новости ой калчаган.
Кубанычтуу кабар: РФ америкалык маалымат каражаттарынын эсинде, аны жактырышат, 2016-жылга караганда көбүрөөк эстешет (макалаларда РФ ошол кезге салыштырмалуу чейрек эсеге көп айтылат). Ошол убакта "орус бейжайлыгы" жетер чегине жеткендей көрүнгөн.
Кыязы журналисттер жана редакторлор кабинеттеринде же аралыктан отуруп алып эле өз аудиториясына кызыгуусун өлчөп да койбостон, суткасына беш ирет эптеп эле бир нерсе айтып калууга далбас ургандай болушкан. Маселен, CNN — 106 күндө 570 материал жазууга үлгүргөн.
Адатта төмөнкүдөй темалар камтылат:
- Путин Трамп бурадарын колдоого алып, биздин шайлоого кийлигишүүнү самайт;
- Россия биздин шайлоону үзгүлтүккө учуратууну улантат;
- Россиялык троллдор аудиторияга таасир этүүдө;
- Социалдык медиа орус хакер жана троллдорунун ишмердигин жетишсиз көзөмөлдөөдө;
- Трампка добуш берүү менен күңүрт лорд Путиндин көрсөтмөсүн аткарасың ж.б.
Мунун албетте Россияга эч тиешеси жок, болгон да эмес. Бул – ар тараптуу өнүгүүдөн өтө өксүк жана тынымсыз электоралдык циклдеги массанын өлкөсү болгон АКШнын ички медиа турмушунун элементи.
Медиа мейкиндикти колго алган державалар бир эле убакта элес жаратып, ал эми демократтардын колдоосу сыйкырдуу түрдө 14 миллионго өскөндөн кийин шектенгендердин добушуна тыюу салууга киришти. Аны менен тим калбай "шайлоодо мыйзам бузулган жок, Трамп калп айтат, трампчылардын дооматтары да жалган" дегенге өтүштү. Башка эмне дей аласың буга.
Албетте, РФ АКШ президентинин администрациясынын мындан аркы аракеттерине эч кандай таасир эте албайт. Биринчиден, Америкада эч кандай "россиялык кызыкчылыкты көздөө" жок, болгон да эмес ( айрыкча республикачылардын арасында эч убакта андай көрүнүш жок. АКШда эң "россиялык" деп саясий ишмер катары Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Тулси Габбард эсептелчү. Россияны жазалабоого чакыра коем деп "орус активи" атыгып калган).
Экинчиден, Россия туурасында АКШнын саясий да, медиа же кайсы тармактагы каймактары болбосун, он жылдай убакыттан тарта Россия жөнүндө эч нерсени билбей деле турганын түшүнүү керек.
Америкалык саясатчылардын эч бири РФке каттабайт, алардын эч кимиси Москва, Питер, Екатеринбург, Сибирь жана Камчатканы көргөн эмес. Эч бири БУУдагы алдын ала даярдалган кезектеги сессиясында гана россиялык дипломаттардан тышкары орустар менен эч качан көрүшкөн эмес. Россия жөнүндөгү бардык маалыматтар алар өздөрүнө ыктаган оппозиционерлер (Путин ууландыргандан кийин керемет менен аман калган) аркылуу алышат.
Ызы-чуусу толтура, бирок натыйжасыз ыкмалар менен жеңилүү да бар. Бирок бул Россиядагы "Түндүк агым – 2" сымал ири долбоорлорго коркунуч туулбайт дегенди туюндурбайт. Анткен менен кооптуулук күч алып барат дешке да негиз жок.
Албетте, РФти башкалардын кыртышы сүйө бербейт (балким жек көрүшөт чыгар. Керек болсо дүйнөлүк гегемонду жарым саатта жок кылууга жөндөмдүү планетанын жападан жалгыз өлкөсүнөн башка эмнени күтүшмөк эле).
Бирок тоталитардык, "жеке кишинин колундагы бийлик" же "демократиялык" болобу, кадимки мамлекеттик түзүлүштөн дайым негизги душмандарын өз ичинен издеп, өз катарынан табат. Андыктан сабыр кылуудан башка арга жок.