Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахтагы Россиянын тынчтык орнотуучулары
Тоолуу Карабахтагы Россиянын тынчтык орнотуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасында чыккан жаңжал токтоп, абал акырындап турукташып келе жатат.

Франциянын тышкы иштер министри өлкөнүн Тоолуу Карабахтын элине жөнөтүлгөн гуманитардык миссиянын чоо-жайын айтып берди. Мында кеп аймакка жиберилген хирургдардын тобу менен медицинадык жабдуу тууралуу болууда.

АКШ өз кезегинде согуштан жабыркаган адамдарга жардам көрөсткөн Кызыл чырым эл аралык комитети менен башка бейөкмөт уюмдарга беш миллион доллар бөлүү менен чектелген.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу боюнча Париж менен Вашингтондун басар-басмаксан болгон аракети, Сергей Лавров айтмакчы, алардын көкүрөк койгулаган менменсинүүсүнө катуу доо кеткенин далилдеп койду дейт россиялык журналист Ирина Алкснис.

Бул тууралуу Азербайжандын президенти Альхам Алиев да АКШ менен Франция "кеч болсо да жетишилген макулдашууга оң көз менен карай турганын" билдиришкенин айтып безге сайды.

Движение по Лачинскому коридору - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу операциялардын рейтинги
Ал эми Анкара көнгөн адатынча сөздүн гүлүн терип отурган жок. Түркия президентинин маалымат катчысы Батыш же болбосо НАТО менен Евробиримдик 30 жылдан бери Карабахтагы каршылашуу боюнча анык бир сунуш берүүгө жарабаганын, ал арада Россия менен Түркия бири-бирин түшүнүп, сөзү бир жерден чыгып жатканын жар салып жиберди.

Тоолуу Карабах боюнча макулдашуу Батышка оор тийгени дароо жазыла баштады. АКШ менен Франциянын Россия менен биргеликте аталган чырлуу абалды жөнгө салуунун жолун издөө боюнча ЕККУнун Минск тобуна мүчө экенин эске алсак, макулдушууну Батыштын утулушу катары кабылдоого болот.

The National Interest кабарчыларына ишене турган болсок, Батыш көп нерседен куру жалак калыптыр. Согуштук аракеттердин жанданышы да, аймакка россиялык тынчтык орнотуучулардын киришин шарттаган макулдашуунун өзү да алар үчүн абдан эле күтүүсүз болгон. Басылма күнөөнү Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты ала албаган АКШнын чалгын кызматына жүктөдү. Жаза баскан бул кадамдан улам АКШнын аталган аймакта таасири солгундай түшкөнү айтылат.

Чын-чынына келгенде абал андан да курч, анткени "чалгындын чабалдыгы" АКШ канчалык терең жаңылышканын жаап-жашырууга жол берет.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу — глобалдуу саясий система башынан кечирип жаткан өзгөрүүлөрдүн жаңы этабы. Бул АКШ менен Европа бардык тарапка керек болбой калган алгачкы учур.

Акыркы 30 жыл аралыгында Батыш дээрлик бардык окуяга, бардык жаңжалга аралашып, кийлигишип келген. Тигил же бул өлкөнүн ички саясий турмушунда да Батышка ыктагандар, андан колдоо алгандар сөзсүз болчу.

Россиянын жардамы менен. Карабах тынч жашоого кантип кайтууда. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россиянын жардамы менен. Карабах тынч жашоого кантип кайтууда. Видео
Буга 2014-жылы Крымда болгон окуя далил. Анда Украинанын аскерлери россиялык аскерий объектиге "Америка биз менен!" деп кыйкырып кол салганы маалым. Албетте, күлкү келерлик иш, бирок бул окуя бүтүндөй планетадагы элдин басымдуу бөлүгүнүн оюн таасын көрсөтүп турат.

Мындай көрүнүштү Батыш өзү кош колдоп колдойт, анткени таразанын ташы болуп, дүйнөдө чыр чыгабы, согуш болобу, болгон-бүткөн жаңжалды басып, тескеп, баштап-көздөп турган күч болууга кызыкдар. Мындай абал анын геосаясий үстөмдүгүнүн бир тирөөчү.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу процесси анын катышуучулары Батышты дароо эле четке сүрүп салганы менен уникалдуу болуп калды. Сүйлөшүү процесси татаал өттү. Мындан улам абалды турукташтырууга АКШны же Батышты тартуунун ордуна тараптардын "өзүбүз чечишип алабыз" деген позициясы ого бетер бүйүрдү кызытты.

Чындап эле чечишип алышты да Батышты жөн гана маалымдар кылып коюшту. Муну менен дүйнөлүк системада өзгөчө макамга ээ болгон АКШга бир топ эле катуу сокку урулду. Тажрыйба көрсөткөндөй, адатта мындай нерселер бир эле жасалып токтоп калбайт, экинчиси да, үчүнчүсү да көп күттүрбөйт.

Андыктан америкалыктардын баарын чалгын кызматына оодарып ийиши көп деле таң калтырбайт. Тоолуу Карабахтагы абалды турукташтыруу АКШ менен Батыштын акырындап тизгини бошоп бараткан дүйнөлүк саясий системадагы кезектеги тектоникалык жылыш экенин моюнга алгандан көрө күнөөнү бирөөгө арта салуу алда канча ыңгайлуу эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0