Бул россиялык тышкы саясаттын натыйжалуулугун, РФ Куралдуу күчтөрүнүн кынтыксыз уюшкандыгын жана жогорку даярдыгын айгинелеп турат. Жакында эле кан күйгөн аймактагы жана дегеле РФтин тынчтык орнотуу операция тажрыйбаларына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.
Жаңжал аймагындагы тынчтык орнотуучу күчтөр өз аракеттери менен касташкан тараптардын куралдуу тирешине жол бербейт. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик-транспорттук авиациясынын учактары 15-мотоаткычтар бригадасынын бөлүктөрүн жана техникасын жеткирүүнү дале улантууда. Аталган бригада Түштүк Кавказдагы туруктуулуктун ынанымдуу жаңы кепилине айланып барат.
Тоолуу Карабахтагы гуманитардык милдеттердин татаал топтомун чечүү үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелештирилген отряды жана гуманитардык мина-зыянсыздандыруу, медициналык, транспорттук жана соода-тиричиликти камсыздоо, душмандашкан тараптарды элдештирүүгө адистештирилген беш структура Мекемелер аралык аракеттенүү борборунун курамында иш алпарууда.
"Түндүк" жана "Түштүк" коопсуздук аймактарындагы байкоо салуу пунктуларын, күзөт жана полиция функцияларын байкабай калуу мүмкүн эмес. Россиялык тынчтык орнотуучулар Лачын коридору боюнча жарандык автотранспорттук кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, курал ташуунун алдын алуу үчүн автомобилдерди текшерүүдө. Карабахтагы россиялык операциялардын көптөгөн милдет, структура, механизм жана алгоритмдери анчалык айкын эмес. Карабахтагы кырдаалдын тарыхта аналогу жок, андыктан 15-мотоаткычтар бригадасынын аскер кызматкерлерине катаал талаптар коюлат.
РФ өкмөтү өз тынчтык орнотуучуларынын ишмердигине байланышкан каржылык чыгымдарды көтөрөт. Мындай операцияга (ички курамды кармоо, техниканы пайдалануу, күйүүчү май чыгымдары) жылына жүз миллиондогон доллар сарпталат, бирок Түштүк Кавказдагы тынчтыкты акча менен өлчөгөн болбойт.
Операциянын маңызы эбегейсиз, рейтинги эң жогору. Карабахтагы россиялык вазийпа эң көп санда болбосо да (БУУнун ченемдери боюнча), Түштүк Кавказ жана Каспий аймагындагы туруктуулуктуу сактоо үчүн өтө чоң мааниге ээ.
Жакынкы чет өлкө
Россиялык тынчтык орнотуучулар постсоветтик мейкиндиктеги, атап айтканда, Абхазия, Түштүк Осетия, Тажикстан, Приднестровьедеги коопсуздукту бекемдөө үчүн көп аракет жумшап келишкен. Анткен менен Тоолуу Карабахтагы жакындагы эле каргашалуу окуялар КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал коркунучу дале бар экенин айгинелейт. Тынчтык кыл учунда экенине мисал издеп алыс баруунун кажети жок.
Бүгүн да Молдованын кайрадан шайланган президенти Майя Санду Приднестровьеден россиялык аскер кызматкерлерин чыгаруу зарылдыгы боюнча программалык (же кайталанма) билдирүүсү менен чыгып отурат. Балким президент айым бул Чыгыш Европадагы 1992-жылы тынчтык орнотуучу контингент киргизилип, тийиштүү макулдашуунун негизинде согуштук аракеттер басылып, 28 жылдан бери кайрадан тутанбаган жападан жалгыз регион экенин эстен чыгаргандыр.
Приднестровьеде россиялык күчтөрдүн Ыкчам тобу жайгашкан. Анын негизги милдеттеринин бири – Колбасна калктуу пунктуна жакын жерде жайгашкан ири жана өтө кооптуу эски ок-дары арсеналын (20 миң тоннадан ашык) кайтаруу. Бул жакка 1990-жылдардын башында Германия, Венгрия, Польшадан советтик күчтөрдүн ок-дары, курал-жарагы алып келинген.
Арсеналды жеринде жок кылуу мүмкүн эмес, чыгарып кетүү да машакаттуу. Ал үчүн болжол менен 2500 вагон керектелет, бирок ок-дарынын 57 пайызы ташып жүрүүгө ылайыксыз. Эгер россиялыктар чыгып кетсе, Молдовадагы жагдай сөздүн түз маанисинде жарылып кетүү коркунучу бар.
Ошондо Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн курамына Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясы жана Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын аскердик бөлүктөрү кирген. Тынчтык орнотуучулардын жамааттык аракети менен ошол эле жылы Тажикстандагы куралдуу жаңжал басылган.
Республикада Россиянын ФККсынын чек ара кызматынын ыкчам тобу калган, ал эми 2005-жылы 201-мотоаткычтар дивизиясынын базасында Тажикстанда 201-россиялык аскердик, маңызында тынчтык орнотуучу база түзүлгөн.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Россия Федерациясы эл аралык коомчулуктун башка мүчөлөрү менен бирдикте бүтүндөй планетадагы тынчтык үчүн жоопкерчиликти артынат. Айрым (автономдук) миссиялар, БУУнун күчтөрү жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун курамында постсоветтик мейкиндикте жана алыскы чет өлкөдөгү мамлекеттерде улуттар аралык жана өз ара жаңжалдардын алдын алып жана жоюп келет.
Югославиядан Анголага дейре
Россиялык тынчтык орнотуучулар тажрыйбага мол, аскердик байкоочулардын саны боюнча РФ Бириккен Улуттар Уюмуна алдыңкы саптагы ондукка тегин жерден кирип калган эмес.
Мындай миссияларды – тынчтыкты сактоо жана күч менен тынчтыкка мажбурлоо деп шарттуу түрдө экиге бөлүшөт. Жаңжал аймагындагы кырдаалга жараша тынчтык орнотуучулардын артыкчылыктуу милдеттери жана аракеттери, операциянын макамы түзөтүлүшү мүмкүн. Ошентип 2008-жылы грузин-осетиндик жаңжал аймагында тынчтыкты сактоо операциясы грузин тараптын согуштук аракеттерди башташы жана РФ тынчтык орнотуучу постторуна чабуул койгондугунан улам Грузияны тынчтыкка мажбурлоо операциясына айланып калган.
Россиялык аскер кызматкерлери 1992-жылдан тарта оңой эмес эл аралык тажрыйбага ээ боло башташкан. Югославияда тынчтыкты сактоо боюнча БУУнун операцияларына (1992-2003-жылдары) катышып, ал жакта россиялык контингенттин саны 1600 кишиге жеткен.
Ушундай эле милдеттер кийин Ангола, Либерия, Мозамбик, Кот-д"Ивуар, Руанда, Бурунди, Эфиопия, Судан, Чад Республикасы жана Борбордук Африка Республикасында аткарылган.
Аскер кызматкерлери "туруксуз тынчтык" кырдаалына, бейтааныш өлкөгө тез көнүп, иш сапардын ар ирмеминде аскердик даярдыкта болууга тийиш. Ротация адатта жарым жыл сайын жүрөт, аскердик тынчтык орнотуучулардын духу жана чыдамкайлыгы мындайда катаал сыноодон өтөт. Байкоочулардын миссиясы дээрлик куралсыз, тынчтык орнотуучулардын күчтөрүнүн катышуусундагы операцияларда жеңил куралдануу басымдуулук кылат.
Россиялык тынчтык орнотуучулар быйыл БУУнун тогуз миссиясында, атап айтсак, Батыш Сахара (MINURSO), Борбордук Африка Республикасы (MINUSCA), Конго Демократиялык Республикасы (MONUSCO), Кипрде (UNFICYP), Суданда (UNISFA), Косоводо (UNMIK), Түштүк Суданда (UNMISS), Жакынкы Чыгышта (UNTSO) жана Колумбияда (UNVMC) кызмат өтөөдө.
Алардын арасынан БУУ жана Африкалык союздун Судандагы тынчтык орнотуучу операциясы эң ири болуп саналат. Ал жакта тынчтык орнотуучу контингентти 20 миңден ашуун аскердик кызматкер түзөт. Экзотикалык географиясына карабастан, бул – өмүргө дайым коркунуч туудуруп турган оор иш. Жыл сайын планетада, көбүнесе атайын кол салуулардан улам 100дөй тынчтык орнотуучу набыт болот.