Бишкектин базарларында өтө кооптуу ооруларга акысыз тест өткөрүлө баштады

© AFP / FAROOQ NAEEMВИЧке анализ алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив
ВИЧке анализ алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акысыз анализ алуу Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлөт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 23-ноябрдан тарта, Республикалык "СПИД" борбору Бишкек шаарынын базарларында ВИЧ, сифилис жана B,С гепатитин аныктоо боюнча акысыз анонимдик тестирлөөлөрдү өткөрө баштайт. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлөт.

Анализ алуу саат 10:00дөн 15:00гө чейин улантылат. Кайсы күнү кайсы базарда өтөт:

  • "Ош" базары — 23-24-ноябрь;
  • "Аламүдүн" базары — 25-26-ноябрь;
  • "Сары-Өзөн" базары — 27-28-ноябрь;
  • "Мадина" базары — 29-ноябрь;
  • "Дордой-Дыйкан" базары — 30-ноябрь;
  • "Орто-Сай" базары— 1-декабрь.
Жаңылыктар түрмөгү
0