00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Измирдин жер титирөөдөн коркуп калган тургундары таңды көчөдөн атырды

© REUTERS / MURAD SEZERИзмир шаарынын тургундары түнкүсүн көчөдө калышты
Измир шаарынын тургундары түнкүсүн көчөдө калышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, көп кабаттуу үйлөр ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 24кө жетти.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Измир шаарынын тургундары катуу жер силкинүүдөн кийин үйлөрүнө кирүүдөн коркуп, таңды көчөдөн атырышкан. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен кабарлаган.

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

Жер титирөөдөн имараттар урап, айрымдарында таптакыр жашоого мүмкүн болбой калган.

Түркиядагы зилзала. Каза болгондордун саны 24кө жетип, 804 киши жабыркады

РИА Новостинин кабарчысы Измир шаарынын Борнов районундагы ураган көп кабаттуу үйлөрдүн жанына барып, окуянын чоо-жайы менен таанышкан.

Анын айтымында, шаардыктардын баары көчөдө жүрүшөт. Алар катуу жер силкинүүдөн кийин үйлөрүнө кирүүдөн коркуп калышкан. Бийликтин алдын ала маалыматтары боюнча, уранды алдында калгандар көп.

Полиция кызматкерлери талкаланган үйлөрдү курчап, автоунааларды ага жеткирбей тосуп койгон.

Бийлик уранды алдында калгандарды алып чыгуу, элге жардам берүү үчүн бардык ведомство, күчтөрдү ишке тартканы маалым болду. Ал жердегилерге бекер тамак таратуу уюштурулган.

РИА Новостинин кабарчысы сүрөттөгөндөй, талкаланган үйлөрдү айланчыктап жакындарын издегендер жүрөт.

"Бул жерде менин жээним тиш дарыгери болуп иштечү эле. Бейтапканасы бар болчу. Ал жактан эле беш кишини аман-эсен алып чыгышты, бирок жээнимди таппай жатам, ал чыга элек", — деди улгайган аял.

Дагы бир таксист киши ураган үйдү көрсөтүп, салынганына 20 жыл гана болгонун, анда жашаган айрым үй-бүлөлөрдү тааный турганын айтып берген.

"Бул үйдө батирлер абдан кымбат бааланчу. Мен тааныган бир үй-бүлөнүн баары көз жумду. Алар дайыма такси чакырчу. Абдан жакшы адамдар эле. Сөөктөрүн алып чыгып кетишти... Өкүнүчтүү", — деди таксист.

Талкаланган турак жайдын айланасына айрымдары жакындарын, досторун издеп чогулса, кээ бири куткаруучуларга жардам бериш үчүн барган.

"Ыйлагандар аз, көбү уранды алдынан жакындарын тирүү алып чыгабы деген үмүттө", — деп баяндаган кабарчы.

Түркиянын куткаруучулары чет элдик кесиптештеринин жардамы жок баарына өздөрү жетишип, иштеп жатканын айтышкан.

Алар жети саат эс алуусуз иштеп, бир аз тыным алып кайра ишке киришкен. Жергиликтүү тургундар батирлерде кимдер, канча адам жашаганын айтып, куткаруучуларга жардам берип жатат.

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

Куткаруучулардын бири ураган имараттын алдында дүкөн жайгашканын, кырсык катталган учурда ичинде канча адам болгонун эч ким билбей жатканын айткан.

Уранды алдында калгандарды издөө иштери дагы эле уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0