00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбор профессии и подготовка к поступлению. Когда следует начинать этот путь?
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Быйыл сугат суу тартыштыгы болбойбу? — жаңы тариф жана үнөмдүү сугаруу ыкмалары
09:03
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Наследники
Возвращались живыми, если стрелком был он: жизнь и подвиги полного кавалера Ордена Славы из Кыргызстана Абдыкасыма Карымшакова
10:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарындагы эски лифттерди алмаштыруу иши кандай жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Опора на профессионалов: как в КР повышают культуру промышленной безопасности
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Акушерлик кызматтар жакшырды, бирок кадр жетишсиздиги көйгөй болууда — себеби эмнеде?
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесарево жолу менен төрөөнүн кооптуулугу эмнеде?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Музеи снова в моде: что мы находим среди экспонатов
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ден соолукка зыян келтирбөө үчүн жуунганда кандай суу колдонуу керек?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сому-32 года: история главного экономического решения независимого Кыргызстана
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Немистердин согуштагы мыкаачылыгын өмүр боюу эскерген ардагер
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Зачем в Кыргызстане разделили Минобразования — и при чём тут экономика
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесарево жолу менен төрөөнүн кооптуулугу эмнеде?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу протокол кабыл алынды. Маанилүү 12 пункт

Жазылуу
Жыйынга күч түзүмдөрүнүн бардык жетекчилери катышып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. УКМК коллегиясынын залында Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиевдин төрагалыгы астында жыйын өттү. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы штабдын, Коргонуу иштери боюнча комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Финполициянын, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери катышкан.

УКМК ким тарапта. Өмүрбек Суваналиевдин позициясы

Жыйында "2020-жылдын 5-октябрындагы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" протокол кабыл алынган. Ал 12 пункттан турат.

1. Кыргызстандагы бардык күч түзүмдөрү өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бир бүтүн болушу керек;

2. Жеке курамдын моралдык-психологиялык абалын жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүү. Кызматкерлердин өмүрүнүн жана ден соолугунун, ошондой эле курал-жарак, ок-дары, аскердик, атайын жана башка шаймандардын жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

3. Бардык деңгээлде, анын ичинде ыктыярдуу элдик кошуундарды тартуу менен так жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

4. Өлкөдө криминогендик кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө, криминалитеттин саясий күчтөргө басым жасоосуна каршы туруу. Криминалдык элементтерди жана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү. Пенитенциардык система мекемелеринде абалды туруксуздаштырууга жол бербөө;

5. Стратегиялык жана башка маанилүү объектилерди күчөтүлгөн кайтарууга алуу, ошондой эле коомдук жана жеке менчик объектилердин корголушун камсыз кылуу;

Суваналиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы менен сүйлөштү

6. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерине ыкчам бөгөт коюу;

7. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте чагымчылдык, талап-тоноочулук жана улут аралык мамилени козутууга чакырган маалыматтарга тезинен чара көрүү;

8. Чек аранын айрым жерлеринде коопсуздукту күчөтүү, өткөрүү пункттарында көзөмөлдү камсыз кылуу. Ошондой эле куралчан топтордун жана зыяндуу заттардын, курал-жарактардын киргизилбеши үчүн чараларды көрүү;

9. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого катышкан кызмат адамдарынын өлкөдөн чыгып кетишине уруксат бербөө;

10. Ички иштер министрлигине коомдук тартипти сактоо боюнча координациялык роль жүктөлсүн;

11. Куралдуу күчтөр, атайын кызматтар жана укук коргоо органдары саясаттан тыш жүрөт. Алар саясий партиялардын жана башка кызыкдар топтун куралы эмес;

12. КРдин укук коргоо органдары, атайын кызматтары жана Куралдуу күчтөрү бардык саясий күчтөрдөн сүйлөшүү жолу менен өлкөнү мыйзамдуулуктун жана коомдук туруктуулуктун талаасына кайтарууну талап кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0