УКМК ким тарапта. Өмүрбек Суваналиевдин позициясы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУКМК имараты. Архив
УКМК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКны жетектөө милдетин милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев алды. Өткөн парламенттик шайлоодо ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен чыккан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкаруу милдетин алган Өмүрбек Суваналиев ведомствонун позициясы кандай экенин айтып берди.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Суваналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.

"Ачык айтайын, мен өзүмдү эч бир партия менен байланыштырбайм. УКМК саясаттан сырткары, өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн иштеп жатабыз. Коргоо министрлигинин, УКМКнын же Улуттук гвардиянын имаратында саясий партиялардын жыйыны өткөрүлбөй турганын расмий жарыялап коёюн. Мындайга мен тыюу салдым", — деди генерал.

Суваналиевдин айтымында, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин күч органдарынын иши үзгүлтүккө учураган. Бирок азыр алар штаттык режимде иштеп жатышат.

"Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топ күчтүү болуп турганын расмий айтып коёюн. Бирок биз аларды кармайбыз. Буга убакыт керек", — деди Суваналиев.

Генерал улуттар аралык кастыкка, мародерлукка жана күч органдарынын уюшкан кылмыштуу топ менен иштешүүсүнө жол бербей турганын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0