БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алар учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жаткандыктарын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулоодо. Кыргызстандын мугалимдер корпусу татыктуу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатат. Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар. Мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайт, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем", — деген Жээнбеков.
Көсөмдүгү көөнөрбөс сабак. Жээнбеков карыларды майрамы менен куттуктады
Ал мындан ары да билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары сакталарын айткан.
Президент мугалимдерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан иштерине ийгилик каалаган.