Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

Жазылуу
Тоолуу Карабахта чатак кайрадан ырбады. 27-сентябрда таанылбаган республикада куралдуу кагылышуу башталып кетти.

Тирешкен Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жатат. Эки жак тең каршылаш тарап кол салып, кайра чабуул жасоого мажбур кылды деген билдирүү таратты. Анын кесепетинен жай жарандар менен аскерлер көз жумду.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Мындай тирешүү Карабахта 1994-жылдан бери кайталана элек болчу. Анда согуштук кагылышуу токтоп, бирок конфронтация уланып келе жаткан. Юридикалык жактан алганда Тоолуу Карабах Азербайжандын жери. Анткен менен 1991-жылы референдумдун негизинде республика өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Бирок анын көз карандысыздыгын дүйнө азыркыга чейин тааный элек. Эзелтен бери Карабахта армяндар көбүрөөк санда жашап келет. Талаштуу аймактагы курчуган азыркы абал тууралуу биздин видеодон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0