ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

© Sputnik / Каро Саакян / Медиабанкка өтүү Тоолуу Карабах Республикасындагы аскер кызматкери
 Тоолуу Карабах Республикасындагы аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУдан азыркы түзүлгөн кырдаал 1994-жылдагы күч колдонбоо боюнча милдеттенме алган өз ара макулдашууну ишке ашырбай жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Тоолуу Карабахтын айланасындагы кырдаал боюнча түйшөлүүсүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ЖККУдан азыркы түзүлгөн кырдаал 1994-жылдагы күч колдонбоо боюнча милдеттенме алган өз ара макулдашууну ишке ашырбай жаткандыгын айтышты. Ал Тоолуу Карабах боюнча чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну шарттаган документ эле.

"Ок чыгарбай, тынч турган мурдагы абалга ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары алып барган сүйлөшүү жолу менен токтоосуз кайра кайтып келүү зарыл. Тоолуу Карабахтагы чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүгө болот", — деп билдиришкен аталган уюмдан.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук келишими, ТИМ жетекчилеринин кеңеши өздөрүнүн жасаган билдирүүлөрүндө бир нече ирет тараптарды чатакты токтотуп, тынчтык жолу менен кепке келүүгө чакырды. Башкы катчы абалды курчутуп жиберүүнү максат кылган чагымчыл кадамдардан сырт болууну эске салды.

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0