БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы плиталарга эл түкүрүп салган сагыздарды кол менен тазалап жатышат.
Жумушчулардын иштеп жаткан сүрөтүн мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова соцтармакка жарыялады.
Ал адамдар мунун баарын атайылап жасап жаткандай сезим калтырганын билдирген. Айтымында, "тазалыкчылар" учурда плиталарды сагыздардан тазалап жатат.