Sputnik Кыргызстан "Батир ижарасы" деп аталган жаңы рубрика баштаган. Ар бейшемби сайын кабарчы Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Маалыматтар ачык булактардан алынат.
Ушул жумада ордо калаада конок тибиндеги батирдин ижарасы 5 500 сомго көтөрүлгөн (мурда 5 миң болчу). Бир бөлмөлүүлөрдүн акысы ошол эле боюнча 9 миңден 20 миңге чейин болуп жатат. Нарк буюм-тайымдарга жана ремонтко жараша коюлат. Бишкекте эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 10-20 миң, ал эми үч бөлмөлүү батирлер 13-33 миң сомго чейин бааланууда.
Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика
Өткөн аптага салыштырмалуу Ошто да бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы кымбаттады. Эмереги жок үйдү 6-8 миң сом берип жашаса болот.
Белгилей кетсек, бул батирлерде көбүнесе чет элдик студенттер жашачу. Азыр пандемия шартына байланыштуу алар аралыктан окуп жатышат.