Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМеждународный военно-технический форум "Армия-2019". День третий
Международный военно-технический форум Армия-2019. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык күчтөрдүн күтүүсүз текшерүүсүнүн жүрүшүндө Түндүк Осетиянын Тарск полигонунда Түштүк аскердик округдун артиллеристтери шарттуу "душманды" учкучсуз учуучу аппараттар көрсөткөн бута багыты боюнча кубаттуу миномёттор менен жок кылды.

Өзү жүрүүчү 240 миллиметрлик "Тюльпан" миномёттору кадимки жана өзөктүк курал-жарактардын кошулган жеринде. Бүт дүйнөнүн артиллеристтерине ал альпинисттер үчүн Эвересттин орду кандай болсо, дал ошондой деңгээлде, башкача айтканда, дүйнөдө теңдеши жок. Бул ирет аскерий баяндамачы Александр Хроленко"Тюльпандын" артыкчылыктарын санады.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 58-жалпы армиянын артиллеристтери Кавказ тоо кыркаларындагы машыгууда 21-июлда 240 миллиметрлик өзү жүрүүчү "Тюльпан" миномётторунан шарттуу душмандын позициясын жана жер алдындагы арсеналын кыйратты.

Бул каардуу курал машыгууларда көп колдонулат. Бирок анын согуштук аракеттердеги натыйжалуулугун мындан билиңиз, тар капчыгайларда да, тереңде катылган бетон бункерде да болжолдуу душманды ал соо калтырбайт. Ошентсе да россиялык күчтөрдүн бул машыгуулары кайсы бир өлкөгө багытталбаганын белгилей кетели.

РФте 150 миң аскер катышкан машыгуу өтүүдө. Сентябрга даярдык

"Тюльпан" жакшыртылгандан кийин заманбап башкаруу жана байланыш каражаттарына ээ болду. Булар өзү жүрүүчү куралга бирдиктүү автоматташтырылган башкаруу тутумунда жана Кургактагы күчтөрдүн тактикалык бөлүгүнүн чалгындоо-ок контурунда иштөөсүнө жол берет.

Заманбапташтырылган миномёт эң бекем корголгон буталарды да талкалай алчу көзгө атар куралга айланды. "Тюльпандын" арсеналында эки килотонналык кадимки, термоөзөктүк жана башка миналар бар. Алардын кыйратуучу күчү 240 миллиметрлик калибринен эле көз каранды эмес. Таамайлыгы октун реалдуу убакыт режиминин спутник, учкучсуз аппараттары, ыраак радиолокациялык кармоочу учактар жана душмандын тылындагы чалгындоо-диверсиялык топтордон корректировкалоо менен камсыздалат.

Мээлөө жана окту башкаруунун заманбап тутумдары ок-дарынын баллистикалык мүнөздөмөлөрүн да, ок атууда метеорологиялык шарттарын да эске алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кылым миномёту

Дүйнөдөгү бул 240 миллиметрлик калибрдеги жалгыз миномёт 9,6 чакырымдан 19,7 чакырымга чейинки аралыктан душмандын фортификациялык курулмаларын, бекемделген имараттарын, топтолгон аскердик күчтөрүн, курал-жарак жана аскердик техникасын жок кылууга багытталган.

40 жылдай мурун пайдаланууга алынган, азыркы күнгө чейин калибр жана бир катар бөлөк мүнөздөмөлөрү боюнча рекордчу курал катары саналат. Бул артиллериянын башка түрлөрү "батына" албаган буталарды кыйратууга жөндөмдүү.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

"Тюльпандын" минасы эркин түшүүдө он эки метрлик катмарлуу темир бетон конструкцияны да тешип кете алат. Бул конструктордук шедеврди иш үстүндө гана татыктуу баалоого болот. 240 миллиметрлик кадимки мина жерди 10 метрлик диаметрде, беш метрден ашык тереңдикте оюп кетип жатса, атайын куралды пайдалануунун кесепеттери аргасыз ойго салат.

Өзү жүрүүчү миномёт фугастык жана активдүү-реактивдик миналардын топтомуна ээ. Алар тышкы бутаны белгилеген "Смельчак" куралдары менен корректировкаланат (2 метрлик диаметрдеги айланага таамай тиерин 80-90% болжолдоого болот). "Тюльпан" үчүн атайын 3Ф2 активдүү-реактивдик оор (228 кг), ракеталык кыймылдаткычтуу (20 чакырымга чейинки аралыкка) минаны, ал эми анын негизинде 3Б4 (18 чакырымдык аралыкка) термоөзөктүк минаны иштеп чыгышкан. Мындан тышкары, "Смола" жана "Фата" нейтрондук дүрмөттөрү, "Сайда" (напалм менен 7850 чарчы метрлик аянтты өрттөп кетет) жана "Нерпа" (майда сынык-фугастык элементтери бар кассеталык минасы) куралдары да бүйүр кызытат.

"Тюльпан" миномёту согуштук аракеттерде сыналган. 1985-жылы Афганистанда Чарикар өрөөнү жана Панжшер капчыгайында ийгиликтүү пайдаланылган. Бутаны жок кылуу үчүн экиден ашуун ок атуу талап эле.

Ушул тапта Россиянын Кургак күчтөрүндө 2С4 "Тюльпан" миномётунан 40 бирдик, ал эми 390у сакталып турат. Кокус кеңири масштабдуу аскердик жаңжал чыгып кетсе бул — кыйла чоң резерв.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

"Гособоронзаказдын" буюртмасы менен "Уралтрансмаш" ("Уралвагонзавод" илимий өндүрүштүк комплексинин структурасы) 2019-жылы 240 миллиметрлик "Тюльпан" миномётторунун баарын заманбапташтырып бүткөн. Учурдагы аскердик аракеттерде артиллерия мурдагыдай эле маанилүү ролду ойнойт. Анын технологиялык жактан жаңыртылышы дүйнөдөгү эң күчтүү россиялык миномётту колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жол берет.

Конструктивдик өзгөчөлүктөрү

РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, заманбапташтырылган жана 520 аттын күчүнчө бар кыймылдаткычтуу ЗРК "Круг" 2С4 "Тюльпан" миномётунун базалык шассиси болуп саналат. Шосседе жүрүп баратканда максималдык ылдамдыгы саатына 62 чакырым. Жүрүш запасы 500 чакырымга, ок-дарысы 40 жолу атууга жетет. Экипаж беш кишиден турат.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Машинанын ширетилген корпусу 7,52 миллиметрлик калибрдеги броня талкалагыч октордон жана майда сыныктардан коргоп турат.  Маңдай жагында позициясын жабдуу үчүн бульдозердик тиши бар. Башкаруу бөлүмү алдыңкы сол тарабында, мотордук бөлүгү оң жагында жайгашкан.

Орто жана арткы бөлүгүн ок-дары ээлейт, мында 20 минага ылайыкталган барабандык типтеги механизацияланган укладкасында курал комплекти жана октоо механизми жайгашкан. Аркасында катуу конструкциядагы миномёттун стволу бекитилет (кыймылдатпай кармап турган түзүлүшү жок). Машинанын бортунда 7,62 миллиметрлик ПКТ пулемёт бар.

Боору жылмакай түтүк калыбындагы беш метрлик ствол цапфендик обоймаларга бекитилген. Ошондон улам октоодо ал "чайкалат". Бул снаряд салына турган бөлүгүнөн 130 килограммдык салмактагы миналарды октоо үчүн маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат.

Конструкциясынын тышкы жупунулугу долбоорлоо, сыноо, технологияларды өнүктүрүүдөгү негизги жолун жашырып турат. Коломнадагы атайын конструктордук бюросу жылмакай стволдуу артиллерияны тээ 1944-жылы эле 240 ммлик миномётту жасоого киришкен.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Кийин жаңы куралды Урал транспорттук машина куруу заводунда жана Пермдеги атайын конструктордук бюродо жасашкан. Биринчи үлгүлөрү 1971-жылы талаада сыналган. Көп өтпөй 2С4 "Тюльпан" артиллериялык система куралданууга алынган.

Жалпы 580 "Тюльпан" чыгарууга үлгүрүшкөн. 1988-жылы өндүрүш токтогон. Менимче, натуура чечим болгон. Анткени бул миномёт XXI кылымда да заманга кыйла бап келет. Согуш талаасында да алмашкыс орду бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0