Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

© Sputnik / Антон Курилкин / Медиабанкка өтүүСпуск на воду катера "Грачонок" для Росгвардии
Спуск на воду катера Грачонок для Росгвардии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия 2018-2027-жылдарга чейинки куралдануу боюнча мамлекеттик программасын ырааттуулук менен ишке ашырууда.

Артыкчылык берилген бутактарынын бири Аскердик-деңиз флотунун кеме курамын жаңылоо болуп саналат. Бул флоттун РФ Деңиз доктринасына шайкештикте өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жана улуттук кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласын дал ушул РФ флотундагы саамалыкка арнаган.

FlotProm басылмасына аталган тармактагы булактар 16-июлда үч кеме куруу жайында РФтин Аскердик-деңиз флоту үчүн дароо алты суу түбүндөгү кеме жана субмаринаны куруу иши башталарын маалымдашкан. Курулуштун арышы пландалгандай жүрүүдө, аны менен катар кыйла таасирдүү бюджетке таянат.

Аскердик-деңиз флоту – кандай гана өлкө болбосун куралдуу күчтөрдүн кымбат баалуу компоненттеринин бири. Эгер 2018-2027-жылдарга Куралдануу боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга жалпы 20 трлн рубль каралган, бул каражаттардын басымдуу бөлүгү деңиз "жыттанат", башкача айтканда, суудагы кеме, субмарина жана аскердик флоттун базаларын курууга жумшалмакчы.

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

Мамлекеттик программа курал-жарак, аскердик техниканы синхрондоштурулган тартипте камсыз кылуу жана инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт. Инфраструктуранын өнүгүшү жаңы долбоор жана муундагы аскердик кемелер, учак жана сооттолгон техниканы ийгиликтүү жана узакка пайдалануу үчүн айрыкча маанилүү.

Аскердик моряктар алгач ирет 2020-жылы өндүрүштөн дароо алты суу түбүндө жүрүүчү: төрт өзөктүк – 955А жана 885М, ошондой эле 636,3 жана 677 долбоорлорундагы эки дизелдик-электрдик кайыкты (өткөн жылы 35тен ашуун кеме жана камсыздоочу суднолор катарга кошулган) кабыл алышмакчы.

Куралдануу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышында Аскердик-деңиз флотунун заманбап куралдануусунун үлүшү 63 пайыздан ашкан. Бул эң өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жогору (50%). Максат – заманбап куралданууну 70 пайызга жеткирүү. Россиянын Аскердик-деңиз флоту 2027-жылга чейин 180ден ашуун жаңы долбоорлонгон кеме жана суднолорго ээ болушу күтүлөт. "Ясень-М" (көп буталуу) жана "Борей-Б" (стратегиялык, 955А долбоорунун андан ары өркүндөтүлгөн) суу түбүндөгү атомдук крейсерлерди, таамай тийчү ракеталык куралданган, суудагы кемелер, жаңы Ка-52К "Катран" деңиз тик учактары менен жабдылган эки тик учак ташуучу кемени куруу караштырылган.

Петербургдун ракеталык фрегаттары

Куралдануу боюнча мамлекеттик программанын деңиз бөлүгүндө таамай курал, "Калибр-НК" жана гипер үндүү "Циркон" ракеталары жабдылган 22350 жана 22350М долбоорлорунун фрегаттарын, 20385 жана 20386 долбоорлорунун корветтерин (кемелерин) курууга артыкчылык берилет.

Санкт-Петербургдагы "Северная верфь" кеме куруучу заводунда 16-июлда 22350 долбоорунун дароо эки фрегатынын курулушу башталат. Ыраак деңиз аймакка чыгарылчу бул кемелер "адмиралдык" сериядагы жетинчи жана сегизинчи көлүк болуп саналат. Аларга орус адмиралдары Иван Юмашев жана Эмиль Спиридоновдун ысымдары ыйгарылат.

Ыраак деңиз аймактагы, сыйымдуулугу 5 миң тонна заманбап фрегаттар суудагы кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды издөө жана жок кылууга, ошондой эле абадан коргонуу, ракетага каршы, суу түбүндө да, абадагы буталарга да каршы күрөшүүгө багытталган кеме жана суднолор, деңиз десанттары менен биргелешкен аракеттер, жарандык суднолорду жана өндүрүштүк объектилерди коргоого багытталган. 22350 долбоорунун фрегаттары душмандын кемелерин жана жээктеги буталарын кыйратууга жөндөмдүү "Оникс", "Калибр-НК" же "Циркон" өңдүү 16 канаттуу ракета менен жабдылган.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, 400 чакырым аралыкка каралган "Циркон" комплексинин гипер үндүү 3М22 ракеталары универсалдык вертикалдык 3С14 октоо орнотмосунан старт алат. Бул тутум "Калибр" жана "Оникс ракеталары үчүн да колдонулат. Алардын бири-бирин алмаштыра алышы ар бир аскердик милдетти аткарууда ажырата карай билүүгө мүмкүндүк берет.

Кеменин суу түбүндө коргонуу тутуму абадан коргонуунун атмосфералык системасын элестетет, дүйнөдө теңдеши жок. Кеменин корпусу көзгө чалдыгуусун төмөндөтүү технологиясы менен жасалган, касташкан тараптардын радиолокациялык станциясы аны байкабай да калышы ыктымал.

Көзгө көрүнбөс кеменин наркы 500 млн долларга чейин чыгат, бирок ракеталык кемелердин бүт сериясы флоттун мүмкүнчүлүктөрүнүн сапаттуулугун кыйла арттырат. Эске салсак, 22350 долбоорунун "Адмирал флота Касатонов" биринчи сериялык фрегаты Түндүк жана Балтика флотторунда ийгиликтүү сыналган, жакын арада Россиянын Аскердик-деңиз флотунун курамына кирет. 4500 милге чейин сүзүп, деңизде 30 сутка кала алат, экипажы 170 кишиден турат.

Северодвинскинин дабышсыз субмариналары

Россия Дүйнөлүк океандын кандай гана бөлүгүндө болбосун улуттук кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү суу түбүндөгү жаңы флотту жаратууда. Бул вазыйпаны аткарууга "Ясень" сериясындагы жети кеме жардамга келет. 885М долбоорунун суу түбүндөгү атомдук эки "Ясень-М" крейсеринин курулушу да эртең Северодвинскиде башталат.

Заманбап көп буталуу субмариналар "Калибр" канаттуу ракеталары, "Оникс" үндөн ыкчам кемеге каршы ракеталары, гипер үндүү "Циркон", 533 миллиметрлик торпедалар менен куралданат. "Владивосток" жана "Воронеж" деген аталыш берилет.

F-35тин мүчүлүштүктөрү: америкалык учактын мандеми эмнеде?

885М долбоорунун биринчи сериялык көп буталуу "Новосибирск" субмаринасын 2019-жылдын аягында сууга кое беришкен, жакында экипаж аскердик кызматка чыгат. Заманга бапташтырылган "Ясендин" негизги милдети – потенциалдуу душмандын стратегиялык багыттагы суу түбүндөгү крейсерлерин же учак конуу жана учууга багытталган кеме тобуна көз салып, буталарын жана коркунучтарын жок кылууга дайым даяр туруу.

Мында бир эле америкалык "Огайо" ракета ташуучу 24 UGM-133 "Трайдент" II D5 баллистикалык ракеталарын ташыйт. Ар биринде 475 килотонналык W88 12 өзөктүк дүрмөт учу бар экенин эстен чыгарбоо абзел.

Күзөт аймагында россиялык аскердик моряктар мындай арсеналдардын ар бирине күнү-түнү көз салууга тийиш. 885М долбоорунун өтө байкалбаган, сыйымдуулугу 13800 тонна болгон суу түбүндөгү атомдук крейсердин уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Аларды жогорку технологиялык тутумдары жана курал-жарак комплекстери камсыз кылат.

Субмарина абдан ынанымдуу ОК-650В өзөктүк реакторлор менен жабдылып, 520 метрге чейинки тереңдикте милдетин аткара алат. Сууда 100 сутка жүрүп, суу түбүндөгү ылдамдыгы 31 узелди түзөт. Экипаж 64 адамдан турат.

"Мистралга" крымдык айбат ("жооп")

Эртең Керчь калаасындагы "Залив" кеме куруу заводунда 23900 долбоорунун (француз "Мистралдарынын" аналогдору) эки универсалдык десанттык кемесинин курулушу башталат. Мурда Россияда мындай кемелер курулбаган болсо да, негизги универсалдык десанттык кеме РФ Аскердик-деңиз флотунун аскердик курамына пландалгандай, 2026-жылы кирмекчи.

Долбоордун баасы 100 млрд рублдин тегерегинде. Сириядагы РФ аскердик операциясы Аскердик-деңиз флотуна алыскы райондордо оперативдүү орун алууга жөндөмдүү, 25000 тоннага чейин суу сыйдыра алган ири десанттык кемелерге ээ болуунун маанилүү жана зарылдыгын тастыктады.

Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

Жаңы кемелердин так мүнөздөмөлөрү азырынча белгисиз. Мурда кабарлангандай, бул универсалдык десанттык кеме бортунда 16–20 тик учак, десанттык жана чабуулдук катер (кургак док палубаларында), 75 сооттолгон техника бирдиги жана штаттык куралданган 1000 чакты деңиз пехотачы, олуттуу арсенал, куралдуу күчтөрдүн ыкчам топ штабын ташымакчы. Артиллерияны, зениттик-ракеталык комплекстерди, суу түбүндөгү коргонуу каражаттарын, радиоэлектрондук күрөшүү жана навигация системаларын, аскердик тескөөдөгү интеграциялык тутумдарын санабай деле коелу.

Бул абдан татаал кеменин негизги милдети – аскердик колдоочу (кемелик авиатоп) тик учактардын катышуусундагы десанттык операциянын жүрүшүндө күчтөрдү жана техниканы деңиздеги миң милге чейинки аралыкка жана жабдылбаган жээктерге жеткирүү.

Санкт-Петербург, Северодвинск жана Керчь шаарларында эртең, 16-июлда, курулушу баштала турган кемелердин мүмкүнчүлүктөрүн талдасак, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун күчтүү жана үндөшүп турган өнүгүүнүн белгилерин баамдоого болот. Алар планеталаш коңшуларынын жүрөк үшүн алуу үчүн курулуп жаткан жери жок. Сууда жана суу түбүндөгү, ошондой эле согуштук аракеттердин суу жээгиндеги театрларындагы агрессордун мизин натыйжалуу кайтарууга багытталган. Россиялык флоттун негизги максаты – улуттук кызыкчылыктарды, чек араларды жана союздаштарын коргоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0