Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

© Sputnik / Нина Падалко / Медиабанкка өтүүЛипецкий авиацентр имени В. П. Чкалова
Липецкий авиацентр имени В. П. Чкалова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешинчи муундагы аскердик учактардын пайда болгонуна карабай, дүйнөдө төртүнчү муундагы россиялык МиГ-31 оор кыйраткыч-колго түшүрүүчү учагы дүйнөдөгү эң күчтүү абадагы алгыр болуп саналат.

Бул 2,83 Махка чейинки ылдамдыкта жана 20 чакырымдан ашуун бийиктикте айбаттуу ракеталык куралды пайдаланууга жөндөмдүү. Учак чет элдик адистердин кызыгуусун жаратып келет, себеби дүйнөдө теңдеши жок.

МиГ-31дин милдеттери жетиштүү, анткени батыш өлкөлөрү күн сайын чалгындап, Россиянын аба чек арасынын бекемдигин текшерип келишет. Ушундай ойлорун тизмектеген аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган учактын мүнөздөмөлөрүнө, соңку убактардагы аргасыз кабылган сыноолоруна жана дүйнөдөгү ордуна кеңири токтолду. Ошентип 14-июлда Баренцево жана Кара деңиздин акваториясынын үстүндө РФтин мамлекеттик чек арасын карай бет алган абада буталар байкалган. Ал объектилерди аныктап кармоо үчүн Россиянын Түндүк флоту жана Түштүк аскердик округунун абадан коргонуу күчтөрүнүн нөөмөттүк курамынан истребителдер абага көтөрүлгөн.

Россиялык истребителдердин коштоосунда Норвегиянын Аскердик аба күчтөрүнүн Р-3С "Орион" чалгындоочу учактары (Баренцево деңизинин үстүндө), АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн RС-135 и MQ-9А "Рипер", АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн ВС США, Р-8А "Посейдон" (Кара деңиздин үстүндө) багытын өзгөртүүгө мажбур болушту.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

МиГ-31 Россиянын полюстан аркы чектерин бир топтон бери бекем коргоп келет. Эки жылдан ашуун бортундагы күчтүү, гипер үндүү "Кинжал" ракеталары менен Кара деңиз (РФтин Түштүк аскердик округунда) регионунда аскердик нөөмөтүн өтөөдө.

Өткөндө эле, тагыраагы, 11-июлда АКШнын RC-135 чалгындоочу учагы Япон деңизинин бейтарап сууларынын үстүндөгү россиялык мамлекеттик аба чек арасына жакындаганы катталган. МиГ-31 жана Су-35 учактарынын натыйжалуу тандеми алардын РФтин чек араларынан өтүшүнө жол берген эмес.

Америкалык адистер МиГ-31 учагын россиялык Космостук аба күчтөрүнүн "мыкты аңчысы" деп атап, анын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн тыкыр талдап келет. Military Watch басылмасынын аналитиктери россиялык МиГ-31дин дүйнөдөгү эң оор жана ыкчам заманбап кыйраткыч учак экенин моюнга алат. Негизги мүнөздөмөсү бул дагы эместир.

Эң чоң артыкчылыгы

Батыштагы адистешкен басылмалар "Foxhunter" (МиГ-31дин натолук аталышы) учагынын укмуштуудай жөндөмдөрүнө арналган макалаларын улам жарыялап турат. Military Watch журналы дүйнөдөгү эч бир кыйратуучу учак чагылгандай тез душманды, ошондой эле баллистикалык жана канаттуу ракеталарды, космостук аппараттарды кармап, жок кыла албастыгын белгилейт.

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

Гипер үндүү ракеталуу "Миг" учактары бир нече мүнөт ичинде аэродромдон көтөрүлүп, авиаташуучуларга, аскердик объекттерге, душмандын командалык пункттарына (кошумча май куйганча 3000 чакырымга чейинки аралыкка уча алат) сокку ура алат. Үч-төрт МиГ-31 истребители фронттогу 1000 чакырымдык аба мейкиндигин, 300 чакырымдык тереңдикти көзөмөлдөөгө жөндөмдүү.

МиГ-31БМ фазалык антенналык торлору бар радиолокациялык станция менен жабдылган, 160 чакырымдан 320 чакырымга чейинки аралыкта, кыска, орто жана ыраак бийиктиктердеги буталарын бура бастырбайт.

Аскердик машина автоматтык түрдө 10 бутага чейин коштой алат, төрт же алтоону тандап, Р-33 жана Р-37 тескелүүчү ракеталар менен 200 чакырым, ал түгүл 300 чакырым аралыктан бир убакта кыйрата алат. Мисалга, МиГ-31М жана МиГ-31БМ учактарына алты Р-33С ракетага чейин жүктөөгө болот. Бул бир учурда алты бутаны жок кыла алат дегенди туюндурат.

Military Watch журналынын маалыматына таянсак, МиГ-31 үчүн иштелип чыккан "абадан абага" классындагы Р-37 ракетасы АВАКС учактарын, аба командалык пункттарын жана танкерлерин 400 чакырым аралыктан сокку урууга жөндөмдүү.

"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?

МиГ-31дин арсеналында орто жана кыска аралыктагы башкарылуучу ракеталар, заманбапташтырылган радиолокацияга каршы (кемеге каршы) "абадан жер бетине" багытталган Х-31 ракеталарына (НАТО классификациясы боюнча AS-17 Krypton) ээ. Алар 250 чакырымга чейинки аралыктан жердеги жана суу бетиндеги объектилерге кыйратуучу сокку ура алат.

Гипер үндүү ракетасы менен "Кинжал" авиациялык комплекси болжолдуу душмандын абадан жана ракетага каршы коргонуусунун бардык жана келечектүү системаларын "тунук" кылып, 2000 чакырымга чейинки аралыктан буталарын таап чыгат. Бул активдүү жана пассивдүү радио тоскоолдорго туруштук берүүгө жөндөмдүү. Жөн жерден АКШдагылар МиГ-31 истребителдерин учуп чыгышы эле өтө кооптуу деп эсептешпеген чыгар.

Америкалык Аскердик аба күчтөрү Казак Республикасынын чек арасында да этият болууга тийиштигин боолгологон оң. Military Watch басылмасынын маалыматтарына ылайык, Казакстандын аскердик аба күчтөрү 32 оор кыйраткыч учакка ээ. Алар Су-27 жана Су-30СМ менен катар эле истребителдик авиациянын өзөгү бойдон калууда.

Түркия С-400дү экинчи ирет сыноодо: артка жол жок

Казакстандык МиГ-31 МиГ-31БМ учагынын деңгээлине чейин заманбапташтырылган, Р-33 баштапкы жана алыскы ракетага кошумчалана Р-77 ракеталары менен жабдылган. Укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, 2000-жылдардын башында МиГ-31 истребителинин экспорттук вариантынын акысы 35 млн доллардын тегерегинде болгон, салыштырмалуу бул анчалык кымбат деп саналбайт. Бул учак эл аралык курал рыногун да дүңгүрөтө алмак, бирок Россия МиГ-31ди союздаш же өнөктөштөрүнүн баарына эле ишенип сата бербейт.

Кубалап жете албайсың

Пайдаланууга берилгенден бери бул истребитель-кол түшүрүүчү бир канча ирет заманга бапташтырылган, конструкциясы туураланган, заманбап жабдуусу жана күчтүү куралы шайкеш келтирилген. Жыйынтыгында, МиГ-31БМ натыйжалуулугу МиГ-31ге салыштырмалуу эки эседен жогору жакшыртылган.

СССРдин соңку жылдарында деле МиГ-31ден куралган авиаполк Абадан коргонуунун өзгөчө багыттоодогу бөлүгү деп саналган (учак 1981-жылы колдонууга берилген). Ал тургай мындай кыйраткыч учактар Франц-Иосиф Жериндеги муз аэродромунда да жайгашкан. Британиялык Air Forces Monthly журналынын маалыматы боюнча,

МиГ-31 заманбапташтырылгандан кийин радиолокациялык станциялардын жаңы режимдери жана жаңы ракеталарды колдонуунун эсебинен натыйжалуулугун бир топ күчөткөн.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

Жаңы процессорлуу "Заслон-АМ" окту башкаруунун заманбап системасы мурдагы "Аргон-15Аны" алмаштырган. Жаңыртылган радиолокациялык станциянын "истребитель" тибиндеги буталарын табуу аралыгы 130 милге (209) жеткен, 24кө чейин аба буталарын коштоо мүмкүнчүлүгү камсыздалган. Кандай болгон күндө да заманга ылайыкташтырылган МиГ-31БМ истребители учурда дүйнөнүн кыйла өнүккөн өлкөлөрүндө да кол жеткис технологиялык баскыч бойдон калууда. Мисалга, Пентагон менен Boeing 14-июлда дүйнөдө эң оор жана ыкчам деп ойлошкон F-15EX истребителдерин заманга бапташтырып куруу боюнча келишимге кол коюшту. Декларацияланган ыкчамдыгы – 3 Махка чейин, аскердик жүк көтөрүмдүүлүгү 3,2 тоннага чейин, 7 метрге чейинки узундуктагы гипер үндүү ракеталарды (азырынча ракеталар жок) кое бере алары каралат.

Бирок россиялык МиГ-31БМдин максималдуу ылдамдыгы азыр эле иш жүзүндө – 3 Мах. Пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннага, учушта 46,7 тоннага чейин. 50 пайыз болоттон, 33 пайыз алюминий эритмелери жана 16 пайыз титандан турган бышык корпусу "МиГ" учактарына узак убакыт бою динамикалык жана температуралык жүккө чыдоого мүмкүндүк берет.

Америкалыктар россиялык технологияларды былтыркы кылымдын аягынан тарта эле "кууп жетүүгө" тырышып келгени айдан ачык. Ал ортодо РФте ыраактан колго түшүрө МиГ-41 келечектүү авиациялык комплексин иштеп чыгышууда. Жаңы техника жакынкы космосто да милдет аткара алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0