РФте 150 миң аскер катышкан машыгуу өтүүдө. Сентябрга даярдык

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери машыгуу учурунда
Аскер кызматкери машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алты өлкөсүнүн күчтөрүнүн катышуусунда сентябрда өтмөкчү.

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бир нече оперативдик-стратегиялык бирикмесинин аскердик даярдыгын күтүүсүз текшерүү масштабы терең таасир калтырарлык. Ага 150 миңдей аскер кызматкери, 26 миң курал жана техника, 400 учуучу аппарат, 100дөн ашуун кеме тартылган. Мунун баары аталган державанын өз кызыкчылыктарын коргоого болгон ынанымдуу сигналы деп баалайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Түштүк жана Батыш аскердик округдарынын күчтөрүн, борборго баш ийген айрым бирикмелерди, Аба-десанттык күчтөрүн, Түндүк жана Тынч океандагы флоттордун деңиз пехотасын күтүүсүз текшерүүсү 17-июлда башталып, бүгүн, 21-июлда, аяктаганы турат.

Кара жана Каспий деңизинин акваториясындагы 35 кургак жана 17 деңиз полигондорунда тактикалык деңгээлдеги 56 окуу өткөрүү пландалган. Ага 149 755 аскер кызматкери, 26 820 курал жана аскердик техника, 414 учуучу аппарат, 106 кеме катышат.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Аскердик бөлүк жана бөлүмдөр топтолгон райондорго марш жасап, кеме топтору деңизге чыгып, авиациялык топтор ыкчам аэродромдорго жайгашышты.

Бул – куралдуу күчтөрдүн РФтин түштүк-батышында аскердик коопсуздукту камсыздоо жөндөмүн текшерүү, "Кавказ – 2020" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусуна болгон даярдык. Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алты өлкөсүнүн күчтөрүнүн катышуусунда сентябрда өтмөкчү.

РФтин Башкы штабынын, Коргоо министрлигинин инспекторлору Түштүк жана Батыш аскердик округдарынын бөлүктөрүн, борборго баш ийген айрым бирикмелерин, Аба-десанттык күчтөрдү, жана Түндүк жана Тынч океан флотторунун деңиз пехотасын сынактан өткөрүп жатат.

Мындай сандагы аскердик топтордун күтүүсүз машыгуулары батыш генералдарынын үч уктаса түшүнө кирбейт. Буга быйыл көктөмдөгү Польша, Литва, Латвия жана Эстониядагы АКШ менен НАТОнун башка өлкөлөрүнүн "Европанын коргоочусу" машыгууларынын алкагында 30 миң чакты аскер кызматкерлерин топтоо аракети оңунан чыкпай калышы да муну ырастайт.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

Porter оңбой эле калчудай

Күтүүсүздөн текшерүү түштүккө басым жасаганы байкалат, анан да Кара деңизде НАТО жана Украинанын аскердик-деңиз күчтөрүнүн алдыдагы окууларына, Армения менен Азербайжандын чек арасындагы кырдаалдын курчушуна дегеле байланышы жок.

Россияда армия жана флоттун ушундай түрдөгү шарттуу окуулары бир топ жылдан бери өткөрүлүп келет. Тревога боюнча аскердик күчтөрдүн, ыкчам-стратегиялык бирикмелердин бардык түрлөрү түп көтөрүлөт. Бөлүктөрдүн, кеме жана учактардын бирикмеси жүздөгөн жана миңдеген чакырымдарга жетип, бейтааныш полигон, деңиз жана кургакта берилген тапшырмаларды аткара алышат.

Ушундай жол менен гана бөлүктөрдүн, машыгуулардын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, тигил же бул региондо күчтөрдү топтоо жана колдонуунун аскердик даярдыгынын чыныгы даражасын текшерүүгө болот. Согуштук аракеттердин ийгилигинин 80 пайызы өнүккөн инфраструктура (база, аэродром, порттордун) жана кынтыксыз логистикага жараша.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Экинчиден, Россиянын аскердик бөлүктөрүнүн жана куралдуу күчтөрүнүн бардык окуулары (анын ичинде күтүүсүз текшерүүлөр) – Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоого багытталган айныгыс аскердик артыкчылыгын жай нукта көрсөтүү.

Албетте, быйыл жайда Одессаны айланган америкалык Porter ракеталык эсминеци жана ага окшогон Кара деңиздеги меймандар РФ Куралдуу күчтөрү "күчүндө" турганда абалы анчейин эмес, кокус реалдуу согуштук жаңжал чыгып кетсе оңбой калышат.

Машыгуулардын айрым эпизоддору Россиянын улуттук кызыкчылык зонасында жана анын союздаштарынын аймагына кол салган террорчу жана агрессорлордун мизи кандай кайтарыларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Салгылаштардын динамикасы

Кара деңиз флотун күтүүсүз текшерүүгө 3000 миңден ашуун аскер, 300 техника, анын ичинде согуштук кемелер, учуучу аппараттар, ошондой эле ички курам жана Кара деңиз флотунун армиялык корпусунун байланыш техникасы тартылган.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Кемелердин отряды "душмандын кемеси" куралданбаган жээкке десант түшүрүп, Кара деңиз флотунун ири десанттык кемелерин жок кылууга аракет жасаган убакта деңизде артиллериялык ок чыгарган. Каспий флотилиясынын машыгууларына 35 кеме катышууда. Бир убакта деңиз пехотасынын кеме жана бөлүктөрү чыкты. Алар Дагестандын тоолорунда десанттык кылып, Аданак полигонундагы окуулардын жүрүшүндө мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү "жок кылган". Тапшырманы 700дөн ашуун аскер аткарып, 30 чакты курал бирдиги, аскердик техника, БТР-82АМ сооттолгон транспортерлор, РСЗО "Град" залп огунун реактивдүү системасы, 122 миллиметрлик Д-30 гаубицасы, 120 миллметрлик "Сани" минометтору пайдаланылган.

Түштүк аскердик округунун мотоаткычтар, танк, артиллериялык күчтөрү (анын ичинде Абхазия жана Түштүк Осетиядагы россиялык аскер базалары) 70 окуунун алкагында 20 полигондо машыгып жатышат. Оперативдик (запастык) аэродромдор 150 учак жана тик учактарды жайгаштыра алат.

Аскер-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн 4-армиясынын зениттик-ракеталык бөлүгү тревога менен көтөрүлүп, марш жасады. С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутуму жана "Панцирь-С1" зениттик ракеталык-замбирек комплексинин бөлүктөрү 19-июлда канаттуу ракеталардын шарттуу соккусу жана аскердик дрондордун шарттуу чабуулунун мизин кайтарып, башкача айтканда, Кара деңиз жээгиндеги маанилүү объектилерди коргошту.

Түштүк аскердик округунун ракеталык байланышынын "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси "душмандын" деңиз десанты тарабынан Кара деңиз жээгин басып алышын бөгөй алды, десанттык кемеден жээкке түшүрүлүп жаткан аскердик техниканын топтомун шарттуу түрдө "жок кылды".

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

Ингушетияда жайылтылган 58-жалпы аскердик армиясынын жогорку кубаттуулуктагы артиллериянын бөлүктөрү Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн 4-армиясынын мотоаткычтар жана 50дөн ашуун сокку уруучу тик учактарынын (Ка-52, Ми-28Н жана Ми-35) калкалоосу менен "душманга" сокку урган.

"Ураган" жана "Смерч" залптык октун реактивдүү тутуму, өзү жүрүүчү

203 ммлик "Малка" арт-түзүлүшү жана 240 ммлик "Тюльпан" минометтору бир маалда "аракетте" болду. Эске салсак, конвенциялык 230 килограммдык ок-дарыдан тышкары, "Тюльпан" 20 чакырым аралыктан эки килотонналык кубаттуулуктагы термөзөктүк миналарды таштай алат.

Түштүк аскердик округ армиясынын 58-мотоаткычтары Түштүк Осетиянын тоолорундагы шарттуу "душманды" жок кылышты. Т-72А танкаларынан, БМП-2 пехоталык аскердик машиналардан, өзү жүрүүчү "Гвоздика" артиллериялык түзүлүштөрүнөн, "Сани" минометторунан, АГС-17, РПГ-7В автоматтык жана кол гранатометторунан штаттык дүрмөт менен атууну ийгиликтүү аткарышты.

Абхазиядагы түштүк аскердик округунун танкисттери жээктеги Нагвалоу жана Цабал полигондорунда шарттуу "душмандын" тылында рейддик отряддардын милдеттерин аткарып, флангадан сокку уруу үчүн айланып өтүүчү отряддар катары машыгышты.

Гудаута (Абхазия) полигонунда россиялык адистер "Житель" жана "Красуха" комплекстерин пайдалануу менен шарттуу "душмандын" сокку уруучу учкучсуз аппаратары менен күрөшүүгө машыгышты. Ошондой эле шарттуу "душмандын" тактикалык топтору топтолгон райондо навигациялык талааны бузушту, авиациялык соккуну даярдоодо таамай аткан куралды мээлөө каражатына байкоо салууга жарык чагылтуу менен жол беришпеди.

Радиоэлектрондук күрөш бөлүктөрү радиобашкарылуучу фугас жана миналардын сигналдарын токтотууну уюштуруп, радиобайланыш линияларын радиоэлектрондук талкалоого машыгып, "душмандын" башкаруу пункттары жана байланыш түйүндөрүнө, учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу жана маалымат берүү каналдарына радиоэлектрондук сокку урушту.

Ал түгүл бул кыска, тандалган штрихтер (белгилер) күтүүсүз текшерүүнүн жалпы көздөмүн жана күчтөрдүн аскердик даярдыгынын максатын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Россия жана анын союздаштарынын асманы, деңиз жана жерине көз артууга террорчулар менен бардык түрдөгү кас коңшулар даай албайт.

Күтүүсүз жана ачыктык

НАТО боюнча союздаштар ОБСЕнин Вена документине шайкеш келип турганда НАТОнун расмий өкүлү Оана Лунгеску 18-июлда Россия куралдуу күчтөрдү күтүүсүз текшерүүнүн жүрүшүндө ачыктык шартын сактабаганын жар салган. Бирок Москва тарабынан кабыл алынган чечимдердин жөндүү жана мыйзамдуулугунан шек саноого компетенттүүлүк жана салмактуу негиздердин болушу абзел.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

2011-жылкы ишеним жана коопсуздукту бекемдөө чаралары жөнүндөгү Вена документи 9 миңден ашуун кишинин катышуусундагы аскердик машыгуулар боюнча европалык коңшуларын 42 күн мурун (же андан мурун) кабардар кылууга милдеттендирет. Ошондой эле Европадагы ар бир өлкөгө үч жылда бир ирет 40 миңден ашуун аскер кызматкеринин катышуусу менен окуу өткөрүүгө укук берет.

Бирок 40 миңден ашуун кишинин катышуусу менен РФ Куралдуу күчтөрүндөгү күтүүсүз текшерүүлөр эл аралык милдеттенмелерге каршы келбейт. ВД-2011ге туура келген белгилүү түзүм жана бөлүктөрдү гана эсептөө керек, мындай тартип бул документтин биринчи бөлүмүндө жазылган.

Маалымат каражаттары 150 миң аскер кызматкери бул окууга тартылганы боюнча жазганы мындай күтүүсүз текшерүүгө кадимки куралдуу күчтөр гана тургай (Вена документинде түшүндүрүлгөндөй), Аскердик-деңиз флотунун, Аба-космостук күчтөр жана алардын курамындагы каражаттар да катышып жатканын болжогонунан кабар берет.

Баа берүүдө НАТОнун өкүлдөрү расмий (профессионалдык) маалыматтарга таянганы оң. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдар же аскердик даярдыктын ачыктыгы жөнүндөгү өз ойлору менен эмес, ВД-2011 алкагында пайдаланылган маалыматтарга таянышы керек.

Россиянын Коргоо министрлиги чет элдик байкоочуларды 72 саатка созулган мындай күтүүсүз текшерүүлөргө чакырбайт. Анткени байкоо салууга мүмкүндүк берүү эрежеси аскер жана аскердик техниканын саны чектен ашырылган шартта (ага ылайык, 13000 киши, 300 танк, 500 сооттолгон машина) жана бул сакталган убакта гана күчүндө болот. Күтүүсүз текшерүүлөрдү өткөрүүнүн тарыхында андай жагдай жарала элек, россиялык күчтөрдүн аракеттери мейкиндик жана убактысы боюнча кылдат бөлүштүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0