Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЧеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чеченстан башчысы бир жарым жыл мурда Зеленскийдин журналист Дмитрий Гордонго берген маегин алып чыккан. Анда Зеленский "Квартал - 95" студиясынын берүүлөрүнүн биринде Кадыровдун ыйлап жатканы көрсөтүлгөнүн айткан.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украина президенти Владимир Зеленскийден буга чейин кечирим сураганын тастыктоосун талап кылды.

Мындай билдирүүсүн Кадыров Telegram каналына жарыялаган.

Чеченстан башчысы бир жарым жыл мурда Зеленскийдин журналист Дмитрий Гордонго берген маегин алып чыккан. Анда Зеленский "Квартал - 95" студиясынын берүүлөрүнүн биринде Кадыровдун ыйлап жатканы көрсөтүлгөнүн айткан.

Зеленскийдин тактыдагы бир жылы. Украина президентинин ишмердигине сереп

Украина президентинен "мусулмандар муну туура эмес кабыл алып калбайбы" деп сураганда, ал ролик кимдир бирөөгө катуу тийсе кечирим сурайм деп жооп берген.

"Зеленскийди мен бир кезде күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроого дити барган адам катары билчүмүн. Бирок кечирим сурайм дегенден кийин эмнеге качып жатат? Сиз алгач позицияңызды аныктап, кечирим сураганыңызды тастыкташыңыз керек. Эгер андай кыла албасаңыз, менин, Чеченстандын биринчи президенти, Россиянын баатыры Ахмад-Хаджи Кадыровдун уулунун алдында жооп беришиңиз керек", — деген Кадыров.

Ал Зеленскийди эркектей болуп, берген убадасына турууга чакырды.

2019-жылы 25-сентябрда ЖМКлар өздүк булактарына таянып, берүүдөгү тамашадан кийин Зеленский Кадыровдун алдында кечирим суроого аракет кылганын маалымдашкан. Бул үчүн Зеленский өз өмүрүнөн коркуп Украинанын ички иштер министринин биринчи орун басары Владимир Евдокимовго жардам сурап кайрылганы такталган.

Рамзан Кадыров 76 жылдан кийин Бишкектеги боордошун мекенине алып кетти

Министрлик Зеленскийди Чеченстандын ИИМ башчысынын орун басары жана министрдин өзү менен жолугушуу уюштурууга жардам берген. Кадыров менен сүйлөшүү болмок. Бирок Зеленский Чеченстанга баргандан баш тартып койгон. Мындан улам маселени чечүү үчүн ал жакка Украинанын ички иштер министринин орун басары барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0