00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Маанилүү мыйзамдарды даярдашкан дасыккан юрист. Чолпонбаевге жазылган некролог

© Фото / сайт министерства ЮстицииЭкс-спикер Жогорку Кенеша Мукар Чолпонбаев
Экс-спикер Жогорку Кенеша Мукар Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Некрологдо Чолпонбаевдин бир катар маанилүү мамлекеттик кызматтарды аркалоо менен өлкөнүн укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкону белгиленет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын эли жоготууга учурап, 70 жаш курагында оорудан улам көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, ага жазылган некрологду жарыялады.

Эске салсак, 24-майда 70 жашында коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканадан каза тапкан.

"Ал дасыккан юрист катары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Ошондой эле эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууда да түздөн-түз салымын кошкон. Мамлекеттин парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына эмгегин сиңирген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтылып, азасын тең бөлүшө турганы билдирилген.

"Көрүнүктүү инсан Мукар Чолпонбаевдин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", - деп айтылган некрологдо.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция кесиби боюнча билим алган. 1976-1984-жылдары Чолпонбаев Фрунзе шаарынын Биринчи Иай районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан өзүнүн эмгек жолун баштап, андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРинин прокуратурасында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Исак Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
"Математиканын атасы" Исак Бекбоев 91 жашка чыгып көз жумду. Некролог
1984-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган. Андан кийин Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган. 1991-1993-жылдары КРдин президентинин аппаратынын сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. 1993-1995-жылдары юстиция министри болуп иштеген. 1995-2000-жылдары мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылдары мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп шайланган.

Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкүгө чейин юрист-адвокат, "Мукар жана профи" аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенди.

Чолпонбавге көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн КРдин эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамдары ыйгарылган.

Чолпонбаевдин сөөгү 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0