00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Массаж жана гимнастика баланын калыптанышына кандайча жардам берет
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Чоро Сейтов о драйверах роста экономики и борьбе с внешними шоками
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Война на дорогах Бишкека: почему штрафы не спасают от пьяных водителей и хаоса?
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Математиканын атасы" Исак Бекбоев 91 жашка чыгып көз жумду. Некролог

© Пресс-служба президента КРКыргыз Республикасынын эл мугалими Исак Бекбоев
Кыргыз Республикасынын эл мугалими Исак Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бекбоев жана анын окуучулары тарабынан кыргыз мектептеринин 1-11-класстары үчүн математика боюнча оригиналдуу окуу китептер жазылган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. КРдин эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Исак Бекбоев 91 жашта болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкөнүн биринчи адамдары жана билим берүү, илим чөйрөсүндөгүлөр анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

"Бекбоев улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу кесипкөйлүктүн бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн өрнөк болот деп ишенебиз. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Исак Бекбоев 1930-жылы 10-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн. 1948-жылы Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылындагы мектепти медаль менен аяктаган. Жогорку билимди педагогикалык институттун физика-математика факультетинен алган.

Эмгек жолун 1952-жылы мектепте математика мугалими болуп баштайт. Андан кийин Кыргыз илим-изилдөө институтуна кабыл алынып, алгач кенже, кийин улук илимий кызматкер болуп иштеп жүрүп жетекчинин илимий иштер боюнча орун басарына чейин жеткен.

Бекбоев тогуз жыл Кыргыз мамлекеттик университетинде орто мектептердин директорлорунун билимин өркүндөтүү факультетинин деканы жана окуу-тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенген.

Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
Кыргыз илим-изилдөө институтун, Кыргыз билим берүү институтун жетектеген. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү жана илим борборун башкарган.

Бекбоев математиканы окутуу боюнча окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн кыргыз мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат. Ал педагогика илимдеринин 23 кандидатын жана жети докторун даярдаган.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бекбоев жана анын окуучулары тарабынан кыргыз мектептеринин 1-11-класстары үчүн математика боюнча оригиналдуу окуу китептер жазылган. Бул окуу китептер 2002-жылы Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Исак Бекбоев 200дөн ашык басылманын автору. Анын ичинде 11 монография, Кыргызстан үчүн 11 окуу китеби, 47 окуу жана окуу-методикалык колдонмолор бар.

Исак Бекбоевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып Ардак белгиси ордени (1971), "Даңк" медалы (2009), 3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган, "КРдин эмгек сиңирген мугалими" наамы (1983), "КР эл мугалими" ардактуу наамдары ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0