Жөө жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Коронавирустан кутулчу күн жакынбы? Өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда мындан туура эки ай мурун, тагыраагы 18-мартта, коронавирус жуктургандар аныкталганы расмий айтылган. Ошондон бери кыргызстандыктар бир нече карантиндик чараларды баштан өткөрүүдө.

Учурда өлкөдө миңден ашуун адамдын оору жуктуруп алганы белгилүү, алардын жарымынан көбү айыгып чыккан. Тилекке каршы, каза болгондор дагы бар. Өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режими бүгүнкү күндө да күчүндө.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:21 18.05.2020
15:24 18.05.2020
15:23 18.05.2020

Карантиндин талабын бузган деген кине менен Кылмыш-жаза кодекси боюнча 10 кишиге сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

 

Инцидент в обсервации на территории бывшей американской авиабазы Ганси - Sputnik Кыргызстан
“Ганси” обсервациясында жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылды
13:23 18.05.2020

Чүй облусундагы (“Манас” аэропортунун жака белинде) “Ганси” обсервациясында жаткан бир топ адам чогулуп жаңжал чыгарды.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

 

 

12:52 18.05.2020

Орозо айт күнү үйүнө көп адам чакыргандарга да, конокко келгендерге да чара колдонулат. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Празднование Ураза-Байрам в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жылкыбаев: Ошто айт күнү эл чакыргандарга да, баргандарга да чара көрүлөт
12:49 18.05.2020
11:55 18.05.2020
11:19 18.05.2020
  •  43 учур Соль-Илецкиден келгендерден табылды;
  •  4 учур чоң жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары;
  •  1 учур чет өлкөдө окууда жүргөн жаран;
  •  3 учур курсанттардан;
  •  27си байланышта болгондордон чыкты. 
11:01 18.05.2020

"Учурда Ош облусунда ооруга чалдыккандардын саны 189 адам болду. Ош облусунда оорунун жайылышы турукташып чыкпай калды эле, бирок акыркы күндөрү чет өлкөдөн келгендерден, эл аралык жүктөрдү ташыгандардан COVID-19 табылып жатат",  - деди өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

 

10:58 18.05.2020

“Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу Республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, — деди Үсөнбаев.

10:57 18.05.2020

"Бүгүн катталган 78 учурдун 46сы чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан аныкталды. Биздин жарандан ар кандай мамлекеттерде, ар кандай шарттарда тургандыгы белгилүү. Ошондой эле, мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө", — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

10:55 18.05.2020

Өлкөдө коронавирус жуктурган 1216 кишинин 827си сакайды. Анын ичинен:

  • Бишкек шаарында — 259;
  • Ош шаарында — 111;
  • Ош облусунда — 163;
  • Жалал-Абад облусунда — 122;
  • Нарын облусунда — 100;
  • Чүйдө — 47;
  • Ысык-Көл облусунда— 10;
  • Баткен облусунда — 15.

Өлкө аймагында 375 киши дарыланып жатат. Анын ичинен:

  • Бишкек — 161;
  • Ош шаарында — 11;
  • Ош облусунда — 22;
  • Жалал-Абад облусунда — 32;
  • Нарын облусунда — 82;
  • Чүй облусунда — 54;
  • Ысык-Көл облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 10.
10:22 18.05.2020

2020-жылдын 18-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 1216 учур катталды.

Стационарда 375 адам бар, анын алтоо реанимацияда. Ооруканадан 827 киши чыкса, тилекке каршы, 14 адам көз жумду.

10:10 18.05.2020

23 адамбын 20сы Бишкекте болсо, үчөө Жалал-Абад облусунда. Ушуну менен өлкө боюнча 827 бейтап сакайып, үйүнө чыгарылды.

10:09 18.05.2020

Бишкек шаарында үчөө, аларга Санкт-Петербургдан келип коронавируска кабылганы аныкталган үч киши кошулду. Мындан сырткары, Чүй облусунда үч кишиден башка Соль-Илецк шаарынан келген 43 адамданы вирус аныкталган. Нарында 14, Ош шаарында беш, Ош облусунда алты, Жалал-Абад облусунда бир кишиден чыкты.

Ушуну менен республика боюнча 1216 киши коронавируска кабылганы белгилүү болду.

09:53 18.05.2020

Коронавирустан коргонуунун эң эле эффективдүү жолу — аралыкты сактоо. Бул тууралуу "Известия" басылмасы россиялык дарыгер Александр Мясниковдун айтымына таянып маалымдады.

"Бет кап тагынып жүрсө коронавирус жукпайт деген ойдон алыс болуу керек. Эгер аралык сакталбаса, анда эч кандай бет кап коронавирустан коргонууга жардам бербейт!" — деп жазган дарыгер өзүнүн Telegram каналына.

Медиктин берген маалыматына таянсак, COVID-19 эч кандай белгиси жок да өтүшү ыктымал. Мындай учурда вирусту алып жүргөн адам бет каптын жардамы менен аны башкаларга жугузуп алуудан оолак болот.

09:51 18.05.2020

Баткен облусунда санитардык талаптарды аткарбаган 28 ишканага айып пул салынганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып жатат.

"Натыйжада Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан ишканаларга санитардык талаптарды сактоо боюнча 202 эскертме кат берилген. Ага карабай эреже сактабаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28ине айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ишканаларга салынган айып пул 40 миң сомду түзгөнү кошумчаланды.

Баткенде 1-майдан тарта 1500, 11-майдан дагы 1400дөй ишкана ишин жанданткан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0