00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Таарыныч, коркуу жана ачуулануу сыяктуу эмоциялардын адам организмине тийгизген таасири кандай?
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Особый акцент
80 лет считался пропавшим без вести - боец из Кыргызстана найден на Кавказе по одной ложке
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Жаңгак токойундагы табышмак: “Жалгыз аяк” тасмасынын сыры эмнеде?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Меняющие мир
Народный артист Якутии — о судьбе, опере и якутском эпосе в Бишкеке
20:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы атаандаштык жөнүндө жаңы мыйзам: бизнес үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?
21:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Медициналык кызматкерлер кишилерди өткөзүп жатышат. Архив
Медициналык кызматкерлер кишилерди өткөзүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обсервацияда 11 күндөн бери жатканына нааразы болгондор чуу салып отуруп, акыры үй карантинине чыгып кетишти.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарды. Бул жайга Соль-Илецкиден алып келинген жарандар жайгаштырылган болчу.

Жаңжалдын себеби эмнеде?

Обсервациядагы жарандар "чогуу келгендердин айрымдары үй карантинине чыгып кетти" деп нааразы болуп, баарын коё берүүнү талап кылып чыгышканын айтты. Бирок ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кимдир бирөө жалган маалымат таратканын билдирди. Чынында үй карантинге эч ким чыккан эмес, COVID-19 жуктурганы аныкталгандар ооруканага которулган. Бүгүнкү күндө ал жерде 432 мекендеш жашап жаткан.

Медиктерге кол салуу

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги обсервациядагы мекендештердин дарыгерлерге кол салган фактылары да катталганын кабарлады.

"Жарандар өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты", — деп айтылат маалыматта.

Айрымдары обсервацияга келгенден тарта медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жаткан.

Абылгазиевдин кайрылуусу

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кайрылуу жасады.

"Башкалардын саламаттыгына коркунуч жаратып, тынчын алып, тартип бузууда. Кайталап алынган анализи вирус жок экендигин көрсөткөндө гана үйүнө чыгарыларын белгилеп кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Мекенине келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы — оорунун жайылышына жол бербөө. Үй карантинге чыкканда аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал биринчи кезекте туугандардын жана жакындардын, коомдун алдындагы жоопкерчиликти эстен чыгарбоого чакырды.

Чуу салгандардын талабы аткарылды

Жаңжалдын чоо-жайын тактоо үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев баштаган министрликтин өкүлдөрү "Семетей" обсервациясына барышты.

Анын натыйжасында чуу салган мекендештердин талабы аткарылып, бүгүн үй карантинине чыгарууга уруксат берилди. Ошентип 432 жарандын ичинен 19у гана калтырылды. Алар өткөн суткада коронавирус жуктурганы тастыкталган 43 адам менен жакын байланышта болгондор.

Белгилей кетсек, Россиянын Соль-Илецк районунда бир айдан ашык кармалып турган кыргызстандыктар 7-май күнү автобус менен алып келинген. Учурда алардын ичиндеги 101 адамдан коронавирус аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0