00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбеков: алдыда медиктерге кошумча каражат бөлгөнгө эсепте акча жок

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков
Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков элдик эсепке ири суммада каражат которгон адамдар биринчи кезекте дарыгерлерге кошумча акча берилиши керек деген суранычын айтышканын белгиледи.
Турусбеков: алдыда медиктерге кошумча каражат бөлгөнгө эсепте акча жок

Коронавирус менен бүт дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан да күрөшүп жатат. Мурда мындай абалга туш болбогондуктан бир топ каталар болду. Өз убагында медицина кызматкерлери тийиштүү каражат менен камсыз болгон жок. Бул абал биринчи кезекте дарыгерлерге сокку урду. Мындай пикирин Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, май-июнь айларына дарыгерлерге кошумча акы бөлгөнгө элден акча чогулган эсепте каражат түгөндү.

"Жогорку Кеңештин, өкмөттүн кызматкерлери, жалпы бизнесмендер фонд түзүп, коронавирус менен күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде депозиттик эсеп ачылды. Өкмөттүн токтому менен чогулган каражатты бөлүштүрө турган комиссия түзүлдү. Анын курамында депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү болуп жалпы 16 киши бар. Биринчи отурум март айында болуп, дарыгерлерге кошумча 38,5 миллион сом төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алдык. Экинчи отурумга чейин министрликтин маалыматы боюнча аталган каражат төлөнө элек экенин билдик. Себеби дарыгерлер ар ким ар кандай убакытта, багытта, тартипте иштегендиктен атайын система, программа түзүп жатышкан эле. Ошентип үчүнчү отурумга чейин эле комиссиянын жетекчиси, саламаттык сактоо министри да алмашып, комиссияга жаңы 4-5 киши кирди. Эсепке ири көлөмдө акча которгон адамдар биринчи кезекте дарыгерлерге кошумча каражат берилиши керек деген суранычын айтышкан эле. Үчүнчү отурумда 6000 медицина кызматкерине кошумча төлөм үчүн 95 миллион сом бөлүү боюнча чечим кабыл алдык. Комиссиянын 15 мүчөсүнүн 11и колдоп, төртөө добуш берүүдөн карманышты. Биринчи жана экинчи каражат кошулуп, дарыгерлерге кошумча каражат катары 130,5 миллион сом сарпталды. Негизинен жалпы кошумча каражат катары эки айга 229 миллион сом керек болчу. Калган жетпеген акчаны бюджеттен кошумчалоо тапшырмасы берилген. Коронавирус менен медицина кызматкерлери май-июнь айларында да күрөшүшү мүмкүн. Бул айларга каражат бөлөлү десек, азыр эсепте акча түгөндү. Калганы эми бюджеттен төлөнүшү керек", — деди Турусбеков.

Комиссия мүчөсү вирус жуктуруп алган дарыгерлерге төлөнө турган компенсация менен айлык акысына кошумча берилчү каражаттарды алмаштырбаш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0