Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да COVID-19ду жайылтпоо үчүн бир катар кескин чаралар көрүлүп келет. Эл дагы үйдө отуруп, эрежелерди сактоо керектигин түшүнүп калышты. Ал эми айрым аймактарда жергиликтүү тургундар бийликти карап отура бербей өз алдынча постторду уюштуруп, акча чогултуп, керектүү тазалоочу каражаттарды алууда.
Социалдык тармактарда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 1-Май айыл аймагынын кире беришине тосмо коюлуп, эл өз демилгеси менен кирген-чыккандарды көзөмөлдөп жатканы тууралуу видео тараган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы 1-Май айылынын тургундары менен байланышып, Динаркүл Жунусалиеваны кепке тартты.
— Саламатсызбы, учурда сиздердин айылдын кире беришине тосмо орнотулуп, унаалар тескелип жатыптыр...
— Ат-Башынын дагы кайсы аймактарына тосмо орнотулду?
— Негизи Талды-Суу айыл өкмөтүнө үч — Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш айылдары карайт. Мына ушул айылдардын башында бирден тосмо бар. Мындай тосмолор Ат-Башы районунун кире беришинде, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында да коюлгандыгын айтышууда. Ат-Башы районунун борборунда да ушундай чектөө бар.
— Өз демилгеңер менен тегерек-четти хлорлоп жатыпсыздар?
— Ар бирибиз үйүбүздүн айланасын хлорлоп жууп чыктык. Айылда атайын жаштар тобу түзүлгөн. Алар эртең айылдын көчөлөрүнө хлор чачышат. Бул аты жаман оорудан сактануу чараларынын эң башкысы эле тазалык экен. Андыктан карап отурбай аракет кылып жатабыз.
— Хлорду ким алып берип жатат?
— Бет кап барбы?
— Талды-Суу айыл өкмөтү айылдагы тигүү цехине атайын керектүү материалды бөлүп берип бет кап тиктирткен. Аны түтүнмө-түтүн бекер тараттырды. Биз да колго тигип жатабыз. Буюрса жетиштүү.
— Азык-түлүк жетиштүү элеби?
— Тамак-аш, азык-түлүк азырынча кенен. Мындан төрт-беш күн мурун райондун борборунан керектүүлөрдү толуктап алгам. Баалардын өскөнүн деле байкаган жокмун, баары мурдагыдай эле. Элдин азык-түлүк менен камсыз болушу үчүн Талды-Суу айыл өкмөтү жакшы иштеп, элге кам көрүп жатат.