https://sputnik.kg/20260623/1102033182.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын каржы системасы 2025-жылдын аягына чейин туруктуулукту, күчтүү өсүштү жана масштабдуу санариптик трансформацияны көрсөттү. Улуттук банктын... 23.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-23T15:00+0600
2026-06-23T15:00+0600
2026-06-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/17/1102033016_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_97366d434e183a3cb7f5f3f77b30eadf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын каржы системасы 2025-жылдын аягына чейин туруктуулукту, күчтүү өсүштү жана масштабдуу санариптик трансформацияны көрсөттү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, тышкы экономикалык кыйынчылыктарга жана бүткүл аймактагы инфляциялык басымга карабастан, кылдат акча-кредит саясаты өлкөдөгү инфляцияны бир орундуу санда кармап турат. Базалык инфляция 6,6%ды, жылдык инфляция декабрда 9,4%ды түздү, орточо жылдык инфляция 8,2% деңгээлинде сакталды. Эл аралык резервдердин өсүшү Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоонун негизги фактору болду. Өлкөнүн дүң эл аралык резервдери 2024-жылга салыштырмалуу 69% га өсүү менен 8,6 млрд долларды түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти.
Жумгал районунун алты айыл өкмөтүнө 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, райондун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты да бөлүндү. "Бул иштер административдик аймактык реформанын биринчи этабынан кийин айыл өкмөттөрдү жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо максатында жүргүзүлдү",-деп белгиледи президент.
Россиянын акыйкатчысы Яна Лантратова кыргыз жарандарынын укуктары кандай корголуп жатканын айтып берди. Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн укук коргоо мекемелеринин биринчи консультациялык жолугушуусуна катышууда. Лантратова Россиянын Акыйкатчы аппараты кыргызстандыктардын кайрылууларын дайыма карап, алардын укуктары бузулган учурларга ыкчам чара көрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда кыргыз тараптан түшкөн 35ке жакын кайрылуу каралууда.Ошондой эле Лантратова чет элдик кесиптештери менен биргеликте оор жүк ташуучу унаалардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу маселесин чечүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи. Ал кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 16–17-ноябрында Москвада Евразия акыйкатчылар альянсынын жыйыны жана көп уюлдуу дүйнөдө адам укуктарын коргоого арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Шанхай кызматташтык уюмун түптөө ага мүчө мамлекеттердин улуттук, маданий, саясий өз алдынчалыгын сактап калуу ниети менен байланыштуу болгон. Бул туурасында РФтин Адам укугун коргоо боюнча ыйгарымдуу өкүлү Яна Лантратова айтты. Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн адам укугун коргоо мекемелеринин биринчи улуттук консультативдик жолугушуусуна катышууда. Лантратова 25 жылдын ичинде аталган уюм туруктуулугун көрсөткөндүгүн, бул тандалган багыттардын туура экендигинен кабар берерин белгилеген. "Жердин калкынын жарымы жашап жаткан өлкөлөр кирген биримдик катары ШКУнун өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү чоң. ШКУда келечекке оптимизм менен кароого негиз бар экендигине ишенем", — деди ал.
Чүйдөгү "Гавайи" эс алуу жайынын аймагында жигиттердин ортосунда чыр чыгып, курал колдонууга чейин жеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалымдалгандай, жаңжал учурунда тараптар унаалар менен кубалашып, айрымдары ок чыгарып, таш ыргытышкан. Натыйжада Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жабыркаган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 22 адам жеткирилди.**
Кыргызстандын каржы системасы 2025-жылдын аягына чейин туруктуулукту, күчтүү өсүштү жана масштабдуу санариптик трансформацияны көрсөттү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, тышкы экономикалык кыйынчылыктарга жана бүткүл аймактагы инфляциялык басымга карабастан, кылдат акча-кредит саясаты өлкөдөгү инфляцияны бир орундуу санда кармап турат. Базалык инфляция 6,6%ды, жылдык инфляция декабрда 9,4%ды түздү, орточо жылдык инфляция 8,2% деңгээлинде сакталды. Эл аралык резервдердин өсүшү Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоонун негизги фактору болду. Өлкөнүн дүң эл аралык резервдери 2024-жылга салыштырмалуу 69% га өсүү менен 8,6 млрд долларды түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти.Жумгал районунун алты айыл өкмөтүнө 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, райондун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты да бөлүндү. "Бул иштер административдик аймактык реформанын биринчи этабынан кийин айыл өкмөттөрдү жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо максатында жүргүзүлдү",-деп белгиледи президент.Россиянын акыйкатчысы Яна Лантратова кыргыз жарандарынын укуктары кандай корголуп жатканын айтып берди. Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн укук коргоо мекемелеринин биринчи консультациялык жолугушуусуна катышууда. Лантратова Россиянын Акыйкатчы аппараты кыргызстандыктардын кайрылууларын дайыма карап, алардын укуктары бузулган учурларга ыкчам чара көрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда кыргыз тараптан түшкөн 35ке жакын кайрылуу каралууда.Ошондой эле Лантратова чет элдик кесиптештери менен биргеликте оор жүк ташуучу унаалардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу маселесин чечүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи. Ал кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 16–17-ноябрында Москвада Евразия акыйкатчылар альянсынын жыйыны жана көп уюлдуу дүйнөдө адам укуктарын коргоого арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Шанхай кызматташтык уюмун түптөө ага мүчө мамлекеттердин улуттук, маданий, саясий өз алдынчалыгын сактап калуу ниети менен байланыштуу болгон. Бул туурасында РФтин Адам укугун коргоо боюнча ыйгарымдуу өкүлү Яна Лантратова айтты. Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн адам укугун коргоо мекемелеринин биринчи улуттук консультативдик жолугушуусуна катышууда. Лантратова 25 жылдын ичинде аталган уюм туруктуулугун көрсөткөндүгүн, бул тандалган багыттардын туура экендигинен кабар берерин белгилеген. "Жердин калкынын жарымы жашап жаткан өлкөлөр кирген биримдик катары ШКУнун өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү чоң. ШКУда келечекке оптимизм менен кароого негиз бар экендигине ишенем", — деди ал.Чүйдөгү "Гавайи" эс алуу жайынын аймагында жигиттердин ортосунда чыр чыгып, курал колдонууга чейин жеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалымдалгандай, жаңжал учурунда тараптар унаалар менен кубалашып, айрымдары ок чыгарып, таш ыргытышкан. Натыйжада Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жабыркаган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 22 адам жеткирилди.**
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/17/1102033016_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ccca85411f0b56bf603cea3f698c5888.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио