00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Санариптик доордун негизги кыймылдаткычтары: электроника жана жасалма интеллект
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банктын Планета багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэн менен жолугушуп, суу чарба тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, эскирген ирригациялык системаларды жаңылоо, ошондой эле калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, айыл чарбасын жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча пикир алмашуу болду.Тараптар кызматташтыкты мындан ары да тереңдетип, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган жаңы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда заманбап ири тоок ферма пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттин, жеке ишкерлердин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашырылган.Адистердин айтымында, ишкана толук кубаттуулукта иштей баштаганда өлкөнүн жумурткага болгон ички керектөөсүнүн 16,5 пайызын камсыздай алат. Бул өз кезегинде импортко болгон көз карандылыкты азайтып, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.Жаңы ферма суткасына 180 миң жумуртка өндүрүүгө ылайыкташтырылган. Долбоордун алкагында төрт өндүрүштүк цех ишке киргизилет. Ар биринде 50 миңден тоок багылып, жалпы канаттуулардын саны 200 миң башка жеткирилет.Мындан тышкары, ишкананын ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп, заманбап агротехнологияларды колдонуу аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошот.
Өткөн жылы Кыргызстандагы 8 жаратылыш паркына жалпысынан 271 миң турист келген. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, туристтер эң көп барган парктардын катарына Сары-Челек жаратылыш паркы, Кыргыз-Ата жаратылыш паркы жана Беш-Таш жаратылыш паркы кирет.Келгендердин 250 миңден ашыгы жергиликтүү жарандар болсо, 13,7 миңи КМШ өлкөлөрүнөн, ал эми 6,8 миңи алыскы чет мамлекеттерден келген туристтер болгон.Ошондой эле жаратылыш парктарында санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Учурда Кыргызстанда 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар, алардын 10у жаратылыш парк болуп саналат жана туристтер үчүн ачык.
Жаңылыктар түрмөгү
0