00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
По следам истории
Конференция в Бишкеке и уроки революции — историк о Центральной Азии после 1917 года
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Наш стадион - это интернет» - как устроен международный шахматный турнир в Бишкеке
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Садыр Жапаров дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчысы өлкө тарыхындагы эки чоң дипломатиялык жана экономикалык жеңишти баса белгиледи. Биринчиси — Кыргызстандын биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу негизде эмес мүчөсү болуп шайланышы. Экинчиси — туура 20 жылдан кийин өлкөнүн авиациясы Европа биримдигинин “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылышы. Садыр Жапаров бул окуялар өлкөнүн кадыр-баркын жаңы деңгээлге көтөрөрүн айтып, буга салым кошкон кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.Президенттин жарлыгына ылайык, бул эки чоң жетишкендикке өзгөчө эмгек сиңирген жетекчилер жана эксперттер ордендер менен сыйланышты.III даражадагы Манас ордени менен Жээнбек Кулубаев — Кыргызстандын тышкы иштер министри; Данияр Бостонов — Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору; Манасбек Самидинов — “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы. Даңк ордени менен Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Аида Касымалиева — Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү (Нью-Йорк); Кундуз Искендербекова — Президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти сыйланышты.
Дүйшөмбү күнү, 22-июнда, Баткен облусунун бир нече аймагында катуу сел жүрдү. Социалдык тармактарда облустук электр тармактар ишканасын, үйлөрдү жана жолдорду суу каптап жаткан видеолор тарады. Сел агымдары Баткен шаарында, ошондой эле Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы, Алтын-Бешик жана Орозбеков айылдарында катталган. Жыйынтыгында Баткен шаарында жана коңшу райондордо электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Облустук бийликтин берген маалыматына караганда, селден жабыркагандар жок.
Чүйдө өспүрүм бала туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын кошунасына айтып даттанган. Социалдык тармактарда 14 жаштагы өспүрүм баланын жергиликтүү тургунга арманын айтып жаткан видеосу тарады. Анда бала үйүнөн качып чыкканын, анткени туугандары аны эки жылдан ашык убакыттан бери мажбурлап иштетип, сабап жана курч нерсе менен денесине жаракат келтирип жүрүшкөнүн айтып берген. Өспүрүм сөзүнүн чындыгын далилдеш үчүн денесиндеги жарааттардын изин кошунасына көрсөткөн. Бул окуяны видеого тартып алган киши баланы дароо милицияга алып барган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ливанда тынчтык орнотуу маселеси жаатында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга байланышкан көйгөйдү чече турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ага журналисттер АКШ тынчтыкты орнотуу үчүн Израилди аскерлерин Ливандан алып чыгып кетүүгө кантип мажбурлайт деген собол узаткан. "Мен көйгөйлөрдү чечкен адаммын. Маселени, анын ичинде Нетаньяхуга байланышканын да тез чечем", — деген Трамп. Анткен менен америкалык президент кырдаалды кандай жол менен жөнгө саларын айткан жок. Ал арада АКШ менен сүйлөшүүдөгү Тегерандын делегациясынын башында турган Ирандын парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Вашингтон-Тегеран Ливандын аймактык бүтүндүгүнө кепилдик берерин айтты. Бул маалыматты Рейтер агенттиги таратты.
Жаңылыктар түрмөгү
0