00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
On air
19:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Об экономике и не только
Конкуренция или монополия - что получит Кыргызстан от национального агрегатора такси
20:06
54 мин
Ачык кеп
Самарканддагы эл аралык конференция: Евразиядагы тарыхый жана заманбап процесстер
21:05
49 мин
On air
21:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктаганын кошумчалады. Объекттин курулушун көрүп чыккандан кийин, президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Россия Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстандын адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттары жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышты. Ал эми Индия онлайн форматта катышты. Жыйында президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө башчысынын куттуктоосун окуп берди.Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ШКУга мүчө мамлекеттеринин алкагында алгачкылардан болуп адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ачык талкуу жүргүзүү уюштурулганын белгиледи.Россиянын Адам укуктары бонча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова 2027-2028-жылдары Россия ШКУга төрагалык кыларын, укук коргоо институттарынын өнүгүүсүн колдой турганын билдирди.
Улуттук статистика комитети 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумундагы кызматкерлердин саны боюнча маалыматтарды жарыялады. Ведомствонун маалыматына караганда, бул кесиптик майрам өлкөнү өнүктүрүүдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кошкон салымын таануу жана башкаруу тутумунун ролун жогорулатуу максатында өкмөттүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен бекитилген. "2026-жылдын башына карата республикадагы мамлекеттик кызматкерлердин саны 18 миңден ашты. Алардын ичинен кызматкерлердин дээрлик 58%ын эркектер түзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 14 миңи же 77%дан ашыгы аткаруу бийлигинде эмгектенишет", - деп айтылат маалыматта.2026-жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбү өз ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзүп келишет. Ал эми 2025-жылы республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 6,3 миң адам эмгектенсе, алардын 3,9 миңи муниципалдык кызматкерлер болуп саналат. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 43%ын аялдар түздү.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кайрадан таш кулады. ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүн аталган жолдун Сузак районундагы 340-чакырымына көлөмү төрт миң куб метрге жеткен таш түшүп, жолду жаап калган. Жабыркагандар жок. Жол кызматкерлери түшкө жакын жолду тазалап, учурда каттам толугу менен ачылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0