БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектеги күнү-түнү иштеген супермаркеттер түйүнү иш графигин өзгөрттү.
Өзгөчө абал киргизилген маалда дүкөндөр төмөнкүдөй тартип менен иштемекчи:
- "Народный" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
- "Фрунзе" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
- "Алма" — 09:00дөн 18:30га чейин;
- "Ярмарка" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
- "Глобус" — 09:00дөн 18:00гө чейин.
Эскерте кетсек, өзгөчө абал режими Бишкектен тышкары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген. Мындай чара коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине бөгөт коюуга багытталган.
Ушу тапта COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 44кө жетти. Анын алтоосунун абалы оор, учурда реанимацияда, дагы 10 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланып жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү кырдаалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.