Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Өлкөдөгү коронавирус, коменданттык саат боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстандын аймагына коронавирус жуктуруп алгандардын киргенине бир нече күн болуп, кырдаал кескин өзгөрдү. COVID-19ду жуктуруп алгандар Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй аймактарынан чыкты. Андан улам Кыргызстандын үч шаары менен үч районуна өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туурасында ар күнү эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Республикалык штабдын маалымат борборунда маалымат жыйынын өткөрүүдө.

25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 адамга чыккан.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:35 26.03.2020
18:29 26.03.2020

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109га жетти.  

 "Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар. Учурда алар жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларга жаткырылып, байланышта болгон адамдарды текшерүү иштери башталды", — деген маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев.

 

Ситуация в Казахстане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 100дөн ашты
18:01 26.03.2020

Шаардын ичиндеги автоунааларды иретке келтирип, мыйзам бузгандар болсо катуу чара колдонуп, карантиндик режимдин туура сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

  

Бул туурасында Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 

17:59 26.03.2020

Облустун бардык район, шаарлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратып, жергиликтүү тигүү цехтери менен келишим түзүп, тиктирген. Буга аймактагы кесиптик лицейлер, мекеме ишканалардын кызматкерлери, ыктыярчы кыз-келиндер да тартылган.
Лейлек району - 8000, Кадамжай району - 13 000, Баткен району - 7000, Сүлүктү шаары - 1700, Баткен шаары - 8500, Кызыл-Кыя шаары  - 6000 бет капты жергиликтүү тургундарга таратты. Учурда дагы 5000ге буюртма берилген.

Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.

17:57 26.03.2020

25-март күнү Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда 78 кыргыз жараны бар экени маалым болгон. Мындан сырткары, Нью-Йорк, Минск, Мальдив, Лондон, Орегондон учуп келген 14 транзиттик жаран аныкталган.

 

Пассажиры в зале ожидания аэропорта Внуково - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы элчилик Москванын аэропортунда калган КР жарандары тууралуу үн катты
17:15 26.03.2020

Маалыматты Ош шаарынын мэриясынын кабарлашты. 

15:59 26.03.2020
15:53 26.03.2020

"25-мартта биринчи ыктымдуу мобилдик бригада жөнөп кеткен. 11 адамдан турат, алар  -  реаниматолог, инфекционисттер. Жалал-Абад шаарына жана Аксы, Ала-Бука райондоруна жайгашты.  Дарыгерлердин айлыгы жүрө берет, анан сырткары эпидфонддон кошумча акча төлөп берилет. Бир ай ошол жакта болушат", - деди Акматова. 

15:51 26.03.2020

“Алар учурда иликтенип жатат, анализдер алынган. Учурда обсервацияда ”, - деди Акматова.

15:47 26.03.2020

“Кыргызстандагы тиешелүү адистер, эпидемиологдор, дарыгерлер бул абал кайсы маалга туш келерин аныктоо үчүн иштеп жатышат. Облустар, дегеле жалпы өлкө боюнча каралууда. Бул боюнча алдын ала божомолдор эки-үч күндөн кийин белгилүү болушу мүмкүн”, - деди Акматова. 

15:44 26.03.2020

"Албетте, коронавирустун таралышы чектелди деп айтууга эрте. Андыктан өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилди. Карантинге кетирип жатабыз. Бир аракет кылып жатабыз. Азырынча аны жеңдик деп айтсак эрте болот", - деди Акматова.

15:40 26.03.2020

"Алардын өпкөсү кагынган (пневмония) бар, кээ бирлерине кислород керек. Андыктан бокс палатадан тез жардам кылчу, кислородду көп өлчөмдө бере турган жайга котордук", - деди Акматова.

15:33 26.03.2020

"Мындай фактылар жок. "Семетей" обсервациясынан коронавирус жуктуруп алгандар чыккан. Андыктан, ал жерде иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынган”, - деди Акматова.

15:32 26.03.2020

"Карантиндин талаптарын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын унушпашыбыз керек”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы  Акматова.

15:31 26.03.2020

Акматова: Чет өлкөдөн келип, вируска шектелип жаткырылган Кыргызстандын 34 жараны, өзүн жакшы сезгени үчүн үйүнө жиберилген. Тесттер тастыктаган эмес. Андыктан, алар чыгарылган.

15:30 26.03.2020

Акматова: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бизди, бизге окшогон өлкөлөрдү изоляцияны сактабай жатат деп айтууда.  Бул элдин, силердин колуңарда. Ал эми өкмөт колдон келгенин жасап жатат.

15:23 26.03.2020

Акматова: Балдарыңардын, жакындардын ден соолугу, амандыгы үчүн үйдө отургула. Эшикте жүрүп, кесиптештер, кошуналар, башкалар менен учурашып, байланышта экенсиңер, аны токтоткула. Сураныч, тартипти, эрежени сактагыла!

"Бул Бишкектин тегеретесиндеги райондордо болуп жатат. Ар кайсы жерде 4-5тен чогулуп алып жүрөт деген маалыматтар түшүп жатат", - деп кошумчалады. 

15:20 26.03.2020
15:19 26.03.2020
15:11 26.03.2020

“Өзгөчө абал учурунда электр жарыгы, ысык, муздак суу жана газ өчүрүлбөйт. Ал коммуналдык кызмат акылары үчүн карыздар жана туум акчалар боюнча маселе каралып жатат, — деди Асрандиев.

15:08 26.03.2020
15:00 26.03.2020

Асрандиев коронавирус учурунда экономика эңшерилип, чек ара жабылып, бюджет бир топ жакырлана турганын айтты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, болжолдуу түрдө – 27-28 миллиард сом деп атады.

 

14:59 26.03.2020

“Кыргызстанда жазгы талаа иштери жүрүп жатат. Аларга техниканын бузулуп калышы тоскоол болбошу үчүн азыр жабык турган авто тетиктерди сатуучу базарларга онлайын дүкөндөрдү ачууну сунуштап жатабыз. Бул жагынан элде мүмкүнчүлүк көп. Бирок алыскы аймактарга жеткирип берүү жагынан тоскоолдуктар болушу ыктмал. Азыр анын жол-жобосун ойлонуп жатабыз”, — деди Асрандиев.

14:57 26.03.2020

«Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле бизнесмендер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатат”, - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

14:47 26.03.2020

"Эгерде ун жана башка товарлар, азык-түлүктөр баасынан бир топ кымбат сатылып жатканын көрсөңөр, төмөнкү телефон номерлерине чалгыла", - дешти.

Алар: 

(0312) 543980,

(0312) 541712 

(0312) 323765,

(0312) 323754  

 

 

14:34 26.03.2020

“Дарыкана, оорукана жана дүкөндө кезек күткөн учурлар пайда болсо, ар бир кишинин ортосунда 1,5 метрден аралык болушу керек. Мындай шартты ошол мекеменин кызматкерлери түзүп берүүгө милдеттүү. Эгер бул шарт бузулса жетекчилиги жоопкерчиликке тартылат”, — деди Асрандиев.

14:29 26.03.2020

Бишкекте бул күндөрү ишке барып жаткан бардык жарандарга алар иштеген мекемелер транспорт даярдап бериши керек. Ал эми автоунаалардын ичиндеги ар бир киши иштеген жеринен маалымат жаздырып алуусу зарыл.

14:25 26.03.2020

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май, газ баллондорун ташуу күнү-түнү,   тоскоолдуксуз жүргүзүлөрүн айтты.

"Болгону товар ээлери айдоочуларга коменданттын колу коюлган атайын документ даярдап бериши керек”, — деди ал. 

14:19 26.03.2020

Каракол. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан түшүндүрүү иштерине жашоочулар өзгөчө маани бербестен, кайрадан бир-бирине мейманга баруу, өтө зарылчылык болбосо дагы көчөлөргө чыгуу менен көп адамдардын чогулушуу өӊдүү көрүнүштөр аныкталууда.

Мындан улам Каракол шаары атайык секторлорго бөлүнүп, милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жошоочуларга вирустун жайылышын жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан тышкары, шаар ичинде өзгөчө зарылчылык болбосо, автоунаалардын кыймылына дагы чектөөлөр киргизилмекчи.

Личный состав Иссык-Кульской областной милиции и г. Каракол  - Sputnik Кыргызстан
14:09 26.03.2020

Бишкек коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, ишкерлер шаарга төмөндөгү посттор аркылуу товар алып кире алат:
Жаш Гвардия бульвары проспектиси менен айланма жолдун кесилиши;

Курманжан датка көч. менен айланма жолдун кесилиши;

Достук дачасындагы Васильевский тракт көчөсү;

Дэн Сяопин менен Алыкулов көч. кесилиши;

7-апрель көчөсү менен Токомбаев көчөсүнүн кесилиши;

Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көч. кесилиши;

Кожобергенов менен Семетей көч. кесилиши;

"Киргшелк" посту;

Селекционная айылындагы май куючу жайдын жаны.

13:44 26.03.2020

Орозалиев: Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоо боюнча 120 пост коюлду. Алардын ичинен чоң блок-посттор 15, карантиндик посттор -  26, кичинелери – 76.

13:37 26.03.2020

Орозалиев: Өкмөткө мамлекеттик кызматкерлердик жана муниципалдык кызматкерлерге өзгөчө абалдан улам жумушка жеткирүү жана үйүнө алып баруу боюнча маселени чечип, транспорт бөлүп берүү боюнча кайрылдым.

13:33 26.03.2020

Комендант элди зарыл болбосо көчөгө чыкпоону суранып, учурда шаардын көчөлөрүндө дезинфекция иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

13:32 26.03.2020

Комендант Алмазбек Орозалиев: Кечээ түнкү коменданттык саатта 196 киши тартипти бузуп, эшикте жүргөн. Алардын ичинен 14 аял, 163 киши эркек жана өспүрүм болду. Булардын катарында 18  чет элдиктер болду.

13:29 26.03.2020
13:01 26.03.2020

Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиевдин эми төрт орун басары иш алып барат.   

- КРдин куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин жетекчиси, полковник Алмазбек Карасартов;

-  Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов;

   - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Канат  Жумагазиев;

   - УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Дүйшөкеев.

 Карасартов  Бишкекте аскер бөлүктөрүнүн иштерин жөндөйт.

Суракматов Бишкектин социалдык-экономикалык маселелери менен иштейт.

 Канат Жумагазиев коомдук тартип жана коопсуздук маселелерине жооп берет.

Ал эми Нурлан Дүйшөкеев  конституциялык түзүлүш, көз карандысыздык жана башка дагы улуттук коопсуздук боюнча маселелерди карайт.

Комендатура жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын өз учурунда ишке ашыруу үчүн штаб жана катчылык түзүлдү.  

12:30 26.03.2020

Нарын шаарынын аймагына чет өлкөдөн жана республикабыздын башка облустарынан келген жарандарды жана алар менен контактта болгон адамдарды аныктоо жана башка жумуштарды оперативдүү жүргүзүү максатында шаар боюнча беш мобилдүү топ түзүлдү.

1-аймак (РТС чөлкөмү): (Нефтебаза аймагынан Сейил-Булак аймагына чейин) Жооптуу: Жумалиева Ширин (0708 015484)

2-аймак (Московский чөлкөмү): (Московскийдин башынан Ат-Башы көчөсүнүн күн чыгыш тарабынын өйдө жагы) Жооптуу: Дөөлөтбай уулу Жамгырчы (0702 895433)

3-аймак (Борбор чөлкөмү): (Ат-Башы көчөсүнүн күн батыш тарабынан ДСУга чейин) Сүйүнбаев Райымбек (0705 436683)

4-аймак (Көтөрмө чөлкөмү): (ДСУдан Жаңы-Жол аймагына чейин) Жооптуу: Кубатбек уулу Азат (0702 948282)

5-аймак (Интернат чөлкөмү): (Жаңы-Жол аймагынан Ак-Кыя аймагына чейин) Жооптуу: Омуралиев Эсентур (0701 535435)

12:28 26.03.2020

Калааны 70тен ашык милиционер кайтарып, Бишкектин комендатурасына 200гө чукул телефон чалуу түшкөн.

Мэрия Бишкектин комендатурасынын чалуу борбору күнү-түнү иштей турганын эскертип, телефон номерлерин жарыялады. Алар: (0312) 660710, 660248, 662134.

 

 

12:21 26.03.2020

Бишкекте көчөлөр жабылып, кыймыл токтотулуп жатат. Анткени шаар дезинфекцияланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Иштер аягына чыгары менен көчөлөр ачылат”, — деди call-борбордун адиси.

 

11:27 26.03.2020

Аны кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

11:12 26.03.2020

ОШ. Бет каптарды азыркы кырдаалда кызмат кылып жаткан милиция кызматкерлерине, блокпостордо иштеп жаткан дарыгерлерге, шаарды тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге бөлүп берилет. 

Маалыматты Ош шаарынын мэриясы таратты. 

11:02 26.03.2020
10:52 26.03.2020
10:20 26.03.2020

 Өзгөчө абал киргизилген маалда дүкөндөр төмөнкүдөй тартип менен иштемекчи:

"Народый" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
"Фрунзе" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
"Алма" — 09:00дөн 18:30га чейин;
"Ярмарка" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
"Глобус" — 09:00дөн 18:00гө чейин.



10:07 26.03.2020
10:04 26.03.2020

"Эгер чет өлкөдөн келсеңиз же ооруган адам менен байланышта болсоңуз, Республикалык штабдын ишеним телефондоруна же аймактык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалып, абалды түшүндүрөсүз. Сизди текшерүү же текшербөө боюнча чечим дарыгер гана кабыл алат”, — деди Акматова.

10:01 26.03.2020

"Жеке клиникаларда тесттен өтүү боюнча маселе каралган эмес. Вирустун бар экендигин анализден өткөрүү медициналык кызматкердин уруксаты менен жүргүзүлөт. Эгерде өзүңүздөн шек санай турган болсоңуз, атайын телефонго же аймактык дарыгерге чалыңыз. Анализ алуу же албоону ал дарыгер айтып, маалыматты тиешелүү жерге билдирет", - деди Акматова. 

09:51 26.03.2020

“Медициналык кызматкерлерге жардам берем деген ыктыярчылар Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана жер-жерлердеги штабдарга кайрылса болот. Ошол жактан гана кандай жардам керектигин түшүндүрүп беришет”, — деди Акматова.

09:48 26.03.2020

Акматова: Соода борборлордо улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек. Дүкөнчүлөр кол кап, бет кап кийип соода кылышы зарыл. Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек. 

09:46 26.03.2020

"Товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет", - деди Акматова.

09:45 26.03.2020

"Өзүн-өзү изоляцияга алуу – коронавирустун жайылып кетишинин болтурбоо жана оорунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат, муну дүйнө жүзү боюнча колдонушат”, - деди Акматова.

09:44 26.03.2020

Акматова: Бүгүн Кытай менен чектешкен Торугарт аймагына аталган өлкө берген гумантардык жардам түштү, бет каптар келе жатат. Андан сырткары Россияга ыраазылык билдирип кетишибиз керек. Көмөк көрсөтүп жатат. Аларга реагенттерди, бет каптарды сурап кайрылып жатабыз.

09:39 26.03.2020

"Эгерде адамдын иммунитети күчтүү болсо ал симптому жок өтүп кетиши мүмкүн. Ал эми алсыз болсо оору өзү жөнүндө жуккандан кийин 6-7 күндөн соң белги бере баштайт",  - деди Акматова. 

09:37 26.03.2020

“Коронавирус сырткы чөйрөдө 3 саатка чейин, аэрозолдук абалда 7-8 саатка сакталат деген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо умунун айтканы бар. Андыктан колдонгон буюмдарды 70 пайыздык спирт менен сүртүп, тазалап туруу керек”,  - деди Акматова.

09:33 26.03.2020

Акматова: Обвсервациядан чыккандар карантинди сакташы керек. Атайын колдоруна кагаз берилет. Алар үйдөн кандай шартта карантинде болушу катуу эскертилип, кеп-кеңештер берилет.

09:30 26.03.2020

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,

 Баткен облусунда – 1 учур.

09:29 26.03.2020

“Изоляцияда болушубуз керек. Үйдөн зарылдык болбосо эшикке чыкпоо зарыл. Бул эрежелерди баарыбыз сактайлы”, -  деди Акматова.

09:27 26.03.2020

5-февралдан 22-мартка чейин 2940 адамдан анализ алынып, 44үнөн коронавирус чыкты. 1328 адам алар менен байланышкан. Ал эми үйүндө тыгыз байланышта 363 адам болгон.

09:25 26.03.2020

Акматова: 122 кишини абалы канааттандырарлык, орточо абалдагылар  - 10 киши, 6 адамдын абалы оор болгондуктан реанимация. 34 киши үйүнө чыкты.

09:23 26.03.2020

Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

09:20 26.03.2020

2020-жылдын 26-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

09:08 26.03.2020

Бишкекте түндө саат 12ге чейин коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалып, 

райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилген. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0