Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сапашов: Bootcamp форматында окутуу биринчи жолу колдонулуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь и директор центра программирования Makers Bootcamp Айбек Сапашов
Основатель и директор центра программирования Makers Bootcamp Айбек Сапашов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Makers Bootcamp программалоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айбек Сапашов билим берүү тармагында тажрыйба топтош үчүн социалдык долбоорлорго аралашып жүргөнүн айтты.
Сапашов: Bootcamp форматында окутуу биринчи жолу колдонулуп жатат

Bootcamp окутуу форматы — Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткан ыкма. Иштеп баштаганыбызга бир жылдай болду. Ушундай борборлор КМШ боюнча Москва, Минск шаарларында бар. Бул тууралуу Айбек Сапашов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сегиз жылдан бери программист болуп америкалык компаниялар менен иштеген, Bootcamp ыкмасын жакшы билген өнөктөшү жол-жобосун көрсөтүп, борборду ачууга көмөктөшкөн.

"Кесибим боюнча синхрондук котормочу болгонум менен бизнес долбоорлорго кызыгып, интернет-дүкөн, маркетинг агенттигин ачып, башка тармактарда өзүмдү сынап жүрдүм. Азыр учурдун талабына ылайык программалоо жаатында билим берүү борборун ишке киргиздик. Албетте, жаңы иш ачуу үчүн билим, тажрыйба, команда, өнөктөш керек. World Economic Forum деп аталган бүткүл дүйнөлүк форумдун Global Shapers Community демилгесинин мүчөсү болом. Аталган форум коомду өнүктүрүүгө салымын кошкон, 20-30 жаштагы ийгиликке жеткен жаштарды мүчөлүккө алат. Уюмга беш жылдан бери аралашып жүрүп, бир топ тажрыйба топтодум. Ошентип отуруп өзүм каалаган борборду ачууга 3-4 жылдай убакыт сарптадым. Бизде, албетте, пограммалоо боюнча билим берген мекемелер бар. Бирок Makers Bootcamp программалоо борборунун форматы башкача. Аталган ыкма АКШ, Европа мамлекеттеринде кеңири колдонулат. Бул форматтын артыкчылыгы жогорку интенсивдүү, өтө тез убакыттын ичинде программалоого үйрөтөт. Алсак университет, курстарда жумасына эки жолу, 2-3 сааттан окушат. Даярдоо лагеринде аптасына алты күн 5-6 же 10 саатка чейин билим алышат. Ошондуктан кыска мөөнөттүн ичинде кесипке ээ болуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар", — деди Сапашов.

Ал окуу борборуна 14-15 жаштан баштап кабыл алышарын кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0