Украинадай союздашы бар Россияга душмандын кереги жокпу? Ой толгоо

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүXVII чемпионате мира по водным видам спорта в Будапеште
XVII чемпионате мира по водным видам спорта в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын президенти Владимир Зеленский Освенцим (Аушвиц-Биркенау) концлагеринен туткундардын бошотулушунун 75 жылдыгына арналган польшалык иш-чараларга катышып, бул ирет баарын туура өткөрүүгө тырышты. Анын натыйжасына россиялык баяндамачы Ирина Алкснис көз салган.

"Бул ирет" деген күндү мурунтан эскертүү принципиалдуу эле, анткени өткөн апта украиналык лидер үчүн ойдогудай өткөн эмес. Баары Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдагы ийгиликсиз сөзүнөн жана Румыния менен болгон дипломатиялык түшүнбөстүктөн улам башталып, Израилдеги маңызсыз кеби менен аяктады.

Освенцимдин куткарылышынын быйылкы мааракеси бир жагынан Польша, экинчи тарабынан Израиль менен Россия орун алган жаңжалдын бир бөлүгү болуп калды. Иерусалимдеги эскерүү иш-чаралары польшалык аземдерге салыштырмалуу абдан таасирдүү элес калтырды.

75-ая годовщина освобождения бывшего нацистского лагеря смерти Освенцим - Sputnik Кыргызстан
Украина четте карап турду беле? Зеленский оозунан жаңылганда
Таасири күч державалар бул жаралган тиреш боюнча өз пикирлерин эл аралык аренадагы адеп-ахлакка келгидей кылып, салабаттуу билдиришти. Эгер Израилде Россия, Германия, Франция, Улуу Британия жана АКШ бийик жана жогорку деңгээлде таанытылса, Польшада баары жупунураак өтөт.

Ошол эле учурда Варшава тарапты айрым чыгыш европалык мамлекеттер, айрыкча Литва баса белгилеп артык көрүштү. Улуттук сеймдин спикери еврейлердин бүлгүнүнүн ордуна өлтүрүлгөн еврейлерди эскерген оң деп билдирген, президент Гитанас Науседа да ошол жакка барган.

Балтикалык коңшулардын тандамы боюнча көп нерсе айтууга болот, бирок формалдуу түрдө алардын кадамдары протоколго жана мындай учурларда ар кыл өлкөлөрдүн өз ара аракеттенген дипломатиялык тилинин кылдаттыктарына толук ылайык келет.

Жападан жалгыз Украина өз лидеринин айынан жаңжалдын чок ортосунда калды. Белгилүү болгондой, Владимир Зеленский Иерусалимге форумга катышуу үчүн учуп барган, бирок негизги иш-чарага баруудан күтүлбөгөн жерден баш тарткан. Түшүндүрмөлөрдүн эч бири украиналык президент ошол кадамы менен уюштуруучуларды гана тургай, иш-чара багытталган адамдардын элесине да акарат келтиргенин актоого жардам бербейт.

Ошону менен катар эле украиналык тарап Владимир Путин менен жолугушууну өтүнүп, Израилге болгон сапарынын нагыз максаты ошол болгондой элес калтырды. Жалпы жагдайды жана форумга катышуудан баш тартканын эске алсак, Киевдин өкүлдөрү өздөрүнөн өздөрү эле россиялык президенттин күн тартибинен убакыт табыларына үмүттөнүшкөн.

Жеке өзүнүн да, өлкөсүнүн да аброюна бул жолу дагы доо кетирген украиналык лидер Израилден өз көздөгөнүнө жетпей кетүүгө аргасыз болду. Мунун баарына тек гана Владимир Зеленскийди күнөөлөш да натуура. Мурдагы өлкө башчысы Петр Порошенко да эл аралык иш-чараларда чекилик кадамдары менен күлкүгө калган, сынга кабылган учурлары көп болгон. Бул Украинанын көйгөйүнө айланды өңдөнөт.

Мындай жагдайдын себептеринин бири расмий Киевдин чындап эле тышкы саясаттагы коммуникациянын тилин өздөштүрбөгөн терең караңгылыгы, протоколдун ченемдерин билбестиги экени шексиз. Президенттин сөзүн англис тилине которууда ыксыз колдонулган этиштин айынан чыккан Румыния менен түшүнбөстүк муну дагы бир жолу тастыктайт.

Балким иерусалимдик форумга катышуудан баш тартканын жарыялоо менен Владимир Зеленский өзүнө көңүл бурдургусу келгендир, аны менен катар өзүнүн жана өлкөсүнүн беделин түшүрөрүн аңдабаса керек.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Мындан тышкары, улуттук дымагы өз дараметине төп келбестиги Киев бийлиги үчүн талуу маселе. Украина бардык жакта башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Россия, Израиль жана ошол эле Польшанын зор мүмкүнчүлүктөрүнүн көрүнүшүнө туш келүүдө. Польшалык президенттин Иерусалимге баруудан баш тартышы жаңжалдуу болсо деле саясий демарш болгонун, ал эми Зеленскийдин жымсалданган кадамы ыксыз экенин киевдегилер түшүнгөн жок.

Украина өз алдынча оюн жүргүзө алган, глобалдык жана регионалдык державалардын жанында эмес, салмагы боюнча чыгыш европалык мамлекеттердин үчүнчү даражадагы тобунда экенин, алар Вашингтон же Брюсселдин көрсөтмөлөрүн күтүүгө тийиш экенин эч түшүнө да, ага моюн суна да албай келет.

Эл аралык оңтойсуздуктардын булагы да ушул. Мүмкүн болушунча катуураак кыйкырууга тырышкан улуттук жетекчилик кабыл алынган эреже, протоколдорго жана акылга да сыйбаган аракеттерге барууга маш. Өз сөздөрүн жана аракеттерин тизгиндебей отуруп, Украинаны колдоо тобуна да көлөкө түшүрүүдө.

Андыктан Владимир Зеленскийди Польшадагы эң жогорку кызматтагы киши чакырса деле, Варшавадагы иш-чараларга татыктуу жана адекваттуу катышуусу деле анын аброюн жогорулатпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0