00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балдарга ПИНди кайдан, кантип алса болот? Жол-жобосу

© AFP / TOBIAS SCHWARZБала бакча тарбиялануучулары. Архив
Бала бакча тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакча, мектептер ата-энелерден дагы эле "балага ПИН алып келгиле" деп талап кылып жатат. "ПИН" деген эмне? Аны кайдан, кантип алса болот? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жол-жобосун билип көрдү.

Акыркы эки жылдан бери балдары бакча, мектепке барган ата-энелер ПИН ала башташты. Анын эмнеге керек экенин, кайдан алышты билбеген ата-эне абдан эле көп. Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери менен сүйлөшүп, ПИН алуунун жол-жобосун билди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер же пин-код — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу бардык документтерди ала алат.

ПИНди кайдан алса болот?

Идентификациялык номерди жарандар балдарына ЗАГС, калкты тейлөө борборлорунан жана маалыматтык күркөлөрдөн акысыз ала алышат.

Балдарга ПИН алуунун зарылдыгы

  • Паспорт алганга чейин ар бир балада ПИН сөзсүз болушу керек, ал адамга өмүрүндө бир эле жолу берилет;
  • Персоналдык номери жок бала Кыргызстанга тиешеси жок болуп эсептелип, эч бир документ ала албай калат;
  • Окууга тапшыра албай, жумушка да орношо албайт;
  • ПИН кагаз түрүндө берилбейт, ал маалымат базада гана сакталуу болот;
  • Балдар адашып же жоголуп кеткен маалда ПИН аркылуу ата-энелерин тез эле аныктап коюуга шарт түзүлөт. Мурда өзгө баланы өзүмдүн балам деп алдагандар болсо, ага да чекит коюлат;
  • ПИНсиз паспорт ала албай, чет өлкөгө да чыга албайт. Себеби паспорт алуу үчүн ал баланын аты-жөнү мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасында болушу керек;
  • Персоналдык идентификациялык номери (ПИН) бар бала 16 жаштан жогору болсо, ата-энеси жок өзү эле барып паспорт ала алат. Ал башка адамдын атынан паспорт алып албашы үчүн биометрикалык маалыматы текшерилет;
  • Ал эми 16 жашка чейинкилер ата-энесинин коштоосунда гана паспорт алууга укуктуу.

Ата-энелер баласы кичине кезинде эле документтерин тууралап койсо, кийин өздөрүнө да, балага да паспорт алууда, окууга тапшырарда, чет өлкөгө чыгууда жеңил болот. Бул маселе убагында жасалганы жакшы. Кийин кокус ата-энеси ажырашып же кырсыктап каза болуп калса, балага персоналдык номер алуу кыйынчылык жаратып калат.

ПИН алыш үчүн баланы сөзсүз ээрчитип баруу керекпи?

— Эгер окуучу балага ПИН алыш керек болсо, анын жанында атасы же энеси болушу зарыл.

— Мектеп курагына жашы жете элек балдарга ПИНди ата-эне өзү эле барып алса болот.

— ПИНди телефон аркылуу же электрондук түрдө алуу мүмкүн эмес. Сөзсүз ата-энесинин бири тийиштүү документтерди алып, ЗАГС, калкты тейлөө борборлоруна барышы керек.

Керектүү документтер:

  • Атасынын же энесинин паспорту;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Бала тоголок жетим болсо, ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу документи керек;
  • Баланын ата-энеси алыс жакта болсо, анын туугандары атасынын же энесинин ишеним каты менен барышы шарт.

Буга чейин деле ПИН талап кылынчу беле?

 Инфоком мамлекеттик ишканасы Санарип ID виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө - Sputnik Кыргызстан
"Инфоком" виртуалдуу паспорт чыгарууга белсенүүдө
Мыйзам боюнча ар бир төрөлгөн балага милдеттүү түрдө персоналдык идентификациялык номер берилиши керек. Буга чейин ПИН социалдык фонд ИНН деп тапшырчу. Ал чапталма (наклейка — ред.) түрүндө берилип, паспортко чапталчу. Аталган функцияны Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган. Каттоо кызматы берилген идентификациялык номердин баарын текшерип чыгып, натыйжада 216 миң окуучу баланын ПИНи жок экени, ошондой эле миңдеген (азырынча бул сан тактала элек) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды. Мындан улам учурда Каттоо кызматы жалпы калктын так санын көзөмөлгө ала баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0