00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай тромб алынды. Сүрөт

© Фото / Айбек ТемировХирург, профессор, аталган оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов операция учурунда. Архив
Хирург, профессор, аталган оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операцияны аптанын башында белгилүү хирург Калдарбек Абдраманов жасаган. Бейтап аял 47 жашта, ал ревматикалык жүрөк кемтигинен жабыркап кайрылган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда сейрек операциялардын бири жасалып, дарыгерлер бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болуп уюп калган тромбду алып чыгышты.

© Фото / Мирсангилов ФахидТүштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда сейрек операциялардын бири жасалып, дарыгерлер бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болуп уюп калган тромбду алып чыгышты
Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай тромб алынды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда сейрек операциялардын бири жасалып, дарыгерлер бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болуп уюп калган тромбду алып чыгышты

Анын сүрөтүн хирург, профессор, аталган оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов Facebook баракчасына жүктөгөн.

Абдрманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине операция тууралуу кененирээк айтып берди.

Анын айтымында, операция аптанын башында жасалган. Бейтап аял 47 жашта, ал ревматикалык жүрөк кемтигинен жабыркап кайрылган.

"Мындай операцияларды жасап эле жүрөбүз. Бирок тажрыйбамда топтун формасындагыдай тромбду биринчи жолу алышым. Жүрөктүн ичин ачканда абдан таң калдым. Уюган кандар адатта бодуракай, текши эмес болот. А бул тромб тоголок, жылмакай экен. Болжолу менен 6-7 сантиметрдей. Тромбду алгандан кийин бейтапка жасалма митралдык клапан койдук", — деди Абдраманов.

Улуттук госпиталдын нейрохирургу, профессор Миталип Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу
Ал кошумчалагандай, учурда бейтаптын абалы жакшы, жалпы бөлүмдө ден соолугун калыбына келтирип жатат.

Ал эми топтой уюган канды тийбей банкага салып коюшкан. Дарыгер бул боюнча интернеттен маалымат издеп жатышкандыгын кошумчалады.

Хирург Калдарбек Абдраманов редакцияга берген маегинде 2014-жылы операция учурунда электр жарыгы өчүп калып, аны кол чырактар жана мобилдик телефондордун жарыгы менен улантканын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0