00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:00
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Мама Тоня: почему Петербург чтит память женщины из маленького кыргызского села
20:08
48 мин
Ачык кеп
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек! Турар Кожомбердиевдин кеп казынасы

© Sputnik / Нургуль МаксутоваАкын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив
Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Турар Кожомбердиевдин нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Турар Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1965-1966-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы "Кыргызстан" басмасында редактор болуп эмгектенген. 1976-жылы Маданият министрлигинин аппаратында да иштеген.

© Фото / из семейного архива Нургуль КожомбердиевойАкын Турар Кожомбердиев
Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек! Турар Кожомбердиевдин кеп казынасы - Sputnik Кыргызстан
Акын Турар Кожомбердиев

Алгачкы ырлар жыйнагы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыгат. Балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвалык басмалардан жарык көрүп, ырларынын кээ бири орус, украин, казак, белорус, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас, француз, англис тилдерине которулган.

Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган.

Турар Кожомбердиевдин нускасы:

Бакыт - бул белек эмес берген бирөө,
Бакыт - бул жарыш эмес жалган сүрөө.
Бакыт – бул бир нерседен баштооч болуп,
Бороонго төштү тосуп, карды жирөө.

Бакыт - бул буюм эмес жолдон тапкан,
Бакыт - бул ичик эмес досуң жапкан.
Бакыт - бул бир жумуштан алкыш табуу,
Малчыбы, сугатчыбы кетмен чапкан.

Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек,
Акактап кургагында соолуш керек.
Бакытың сулуу кыздай сынчыл неме,
Андыктан сүйүүсүнө толуш керек.

Жолу тар бирде чилде, бирде салкын,
Билесиң ачуу, таттуулардын наркын.
Күтө бил, сагына бил, кубалай бил,
Ошондо түшүнөсүң толук баркын.

***

Жашоодо урунасың, кагыласың,
Жакшыга, жамандыкка кабыласың.
Эгерде турмуш жалаң шаттык десең,
Эселек, анда катуу жаңыласың.

Жакшылык – жаман менен кезектешип,
Караңгы – жарык менен кезектешип.
Өткөргөн бош күнүңдү сайран куруп,
Өмүрдөн алат тагдыр эсептешип.

***

Топ каздар
Учуп кетти жаркылдаган.
Торгойлор
Учуп кетти шаңкылдаган.

Жайдагы
Канаттуунун баары кетти,
Жаныңда
Каргаң калды каркылдаган.

***

Үндөбөй жигиттик турса басынып,
Үңкүрдө бийиктик турса жашынып.
Наамына жарака түшүп айыкпас,
Намыстын өлгүсү келет асылып.

***

Жеңилбейм, чегинемин кезегинде,
Жеңилдин жүргүм келбейт эсебинде.
Абийирдин кала берип этегинде…
Алптын да жүргүм келбейт жетегинде.

***

Бирде тайыз,
Бирде түпсүз.
Бирде ийри,
Бирде түптүз.

Бирде тайкы,
Бирде терең.
Бирде таш боор,
Бирде керең.

Бирде кычкыл,
Бирде таттуу.
Бирде мерез,
Бирде шаттуу!

Бирок эч ким
Толук билбес,
Бийиктик бар
Турмуш аттуу.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0