Амреев: Түрк кеңешинин тарыхында Кыргызстандын төрагалыгы эң ийгиликтүү болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял Генсекретаря ССТГ Багдада Амреева
Президент Сооронбай Жээнбеков принял Генсекретаря ССТГ Багдада Амреева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы катчы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Түрк инвестициялык-интеграциялык фондунун концепциясы бекитилип, документтердин акыркы долбоору иштелип жатканын айтты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкы катчы Кыргызстандын Түрк кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыктары жана катчылыктын 2019-жылдын 14-15-октябрында Азербайжанда өтө турчу саммитине даярдыгы тууралуу маалымат берди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды
Амреев: Түрк кеңешинин тарыхында Кыргызстандын төрагалыгы эң ийгиликтүү болду - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

"Кыргызстандын төрагалыгы ТТМККнын тарыхында эң ийгиликтүү болду. Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгү ачылды. Мындан тышкары, Түрк кеңеши түзүлгөндөн кийинки 10 жыл аралыгында 55 иш-чара, анын ичинен 15и Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү. Сиздин тапшырмаңыз менен Катчылык экономикалык тармакта институционалдаштыруу кызматташтыгы боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат", — деди Амреев.

Эритилген алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: ЕАЭБдин зергерлери алтын кени жок Түркияга жеңилип калды
Ал ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Түрк инвестициялык-интеграциялык фондусунун концепциясы бекитилип, документтердин акыркы долбоору иштелип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери биринчи жолу биргелешкен Түрк соода-өнөр жай палатасы түзүлгөн, 2019-жылдын июлунда Стамбул шаарында кеңсеси ачылган.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине Өзбекстандын мүчөлүгү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнүн ачылышы тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0