Тойго жакын жакшы кыз таппайсың! Үйлөнчү жигит эмнеге даяр болушу керек

Жазылуу
Журналист Эламан Карымшаков "дагы эки жылсыз үйлөнбөйм" дейт. Бирок тойго эмитен эле даярдана баштады. Ал эң биринчи түбөлүк жар боло турган кызга жолугушу керек. Бүгүн ал тойлордон көргөнүн, улуулардан укканын ортого салып, үйлөнүү ниетинде жүргөндөр үчүн жигиттик тилектештигин жазды.

"Багы ачылсын" деген тилекти кыздарга эле эмес, балдарга да айтыш керек окшойт. Анткени жигиттерге да өз жарын табуу оорлошуп бараткандай. Эмгек өргүүгө чыкканда классташ досторума жолуктум, үчөө-төртөөнүн быйыл үйлөнүү ниети бар экен. Бирок баарынын көйгөйү окшош — жакшы кыз жок.

Эми ойлонуп көрөлү... Жакшы кыз деген категорияга кимдер кириши мүмкүн? Адегенде эле апасынан башка эч ким өппөгөн, үй жумуштарына тың, тарбия көргөн, мүнөзү кайын журтту какпаган, эшикти катуу жаппаган жана маңдайы жарык, чырайлуу кыз болушу керек. Эми бул негизгилери, ар кимдин табитине жараша талаптар мындан ары да көбөйүшү ыктымал. Эхх, андай бийкечтер кандай күйөөнү кыялданып отурду экен. Кызык болуп жатат да... Баса, жигиттер ушул учурда өзүбүздү да күзгүдөн бир карап койгонду унутпайлы.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келин — кайнененин күңү эмес. Диний ишмер мусулман бүлөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу
Мурда эле ушундай беле, билбейм, азыр каякты караба колукту издегендер. Дагы суроо жаралат, кыздардын саны суюлуп баратабы же жигиттердин табити жогорулап кеттиби? Ошентип жүрүп баягы жигитке ата-энеси, туугандары, жеңеси, таежеси, кошунасы жана аяш энесинин абысыны "ит менен" издеп жатып акыры жакшы кызды табышат. Баласынын табитине жараша издөө иштери бир айдан эки жылга чейин созулат. Анын үстүнө аялдар бирөөнү сүрүштүргөндө чекисттер билбеген маалыматтарды чогултуп коёт эмеспи. Заматта бүт баарын астыңа алып келет. Ошентип "кошулушуп эки жаш жуп болуптур жар-жар" деп той башталат.

Ал мааракени кынтыксыз өткөрүшүң шарт. Ошол эле учурда жаңы жашоого даяр болушуң керек. Буга кантип даярданасың? Эми ушул тууралуу кеп кылалы.

Жакшы кызыңды эртерээк тап

Айылдагысы, шаардан барганы, Россиядан келгени деле үйлөнөйүн дейт, бирок кызы жок. Тойдун даярдыгы деген планга "эртерээк колуктуңду тап" деген өзүнчө бир пункт киргизиш керек болуп калды. Себеби күздө үйлөнөм деп ээлигип алгандар кыз таппай шаабайы сууп, кайра артка кайтып жатпайбы. Ошон үчүн жылмайган кыздарды жандап жыргай бербей, үйлөнө турчу жакшы кызыңды эртерээк таап ал. Андан соң тойдун камылгасына кириш дээр элем. Жакшылык иш акырындык менен бүтө берет.

"Эмнеси бар экен?" дейт

"Кыздын өткөнүнө, жигиттин келечегине карайт" деген сөз бар. Кыздын колун сурап барганыңда же ага чейин эле "чекист" жеңелер сен тууралуу маалымат топтоп коёт. "Кандай жерден, каякта иштейт, эмнеси бар?" деген суроолор сап башында турат. Бардык ата-эне жакшы кызы барган жеринде кыйналбай жашашын тилейт эмеспи. Ошондуктан бойдок кезде ар кызга барып тапкан акчаңды корото бербей бир нерсеге жетүүгө аракет кыл. Жок эле дегенде жаңы үй-бүлөңдү багууга дараметиң жеткидей жумуш таап ал. "Жашыңда ойноп ал" дешет, бирок "тишиң барда таш чайна" дегенди да унутпайлы.

Анан, албетте, билим алууну башкы орунга коюу зарыл. Үйүнөн жакшы тарбия алган, билимдүү жана жөндөмдүү жигиттер көчөдө калбайт. Жакшы кыздын колун сураса да көп ойлонбой макулдугун бериши толук мүмкүн.

Ден соолугуңду кара

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Жаңы жашоо курууга кыздар эле эмес, жигиттер да өзгөчө маани бериши керек. Дегеним ден соолугун чыңдап, психологиялык жактан да даяр болуусу зарыл. Өзүңдү арстан сезсең да үйлөнөөргө жакын урологго көрүнүп коюу ашыктык кылбайт. Төш кагып жүрүп колуктуңдун жанына киргенде тиктешип отуруп калба. Жигитке жубайынын алдында мындан өткөн уят нерсе жок. Иши кылса үйлөнгөндөн кийин ооруканага чуркап жүрбө деген эле кеп.

Спорт менен машыгып, чуркап, чымыр денелүү болуп жүрсөң андан жакшы. Кечке эле көчө таптап же бир жерде ичип-жеп отура берсең, камырдай болуп ичиң челкейип, денелериң былжырай баштайт. Бул жубайың үчүн да жагымсыз.

Калың чогулттуңбу?

Ар бир жигит үйлөнөм дегенде калыңды кошо эстесе керек. Азыр, мисалы, түштүк тарапта орточо калыңга 100 миң сом, сегиз кой, бир бодо мал жана башка майда-чүйдөлөрдү берет. Малын ата-энең короосунан чыгарса, жок дегенде сен ачуу басарга түйүп барган акчаны таап бер. Өзүң жасаган тамак ширин болгондой эле, маңдай териң менен жеткен жубайың да барктуу болот. Негизи калыңды өзүң чогултсаң жакшы, ата-энеңди кыйнабай. Алар тоюңду өткөрүп берсе да чоң жардам.

Шарт түзүп бер

Үйлөнгөнгө чейин там салып, унаа алып же бизнес ачып кой дебейм. Кудай ден соолук берсе ага экөөлөп жетсеңер болот. Майда, бирок чоң ыңгайсыздык жараткан жагдайларга көңүл буруу шарт экен. Анткени очокту дурустап жасап бербей, аялыңдан даамдуу тамак күтүп отурганыңдын өзү уят. Анан да мокок бычак менен колун кестирбей, бир аз курчутуп кой. Айылда жашасаң жаш келинди дагарага тыгылтпай, бир суу жылыткыч (эл айтып жүргөн аристон) алып жуунчу бөлмө куруп койгонуң жакшы.

Отун камдап кой

Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Көктөн түшө калсаң да... Күйөө балдар кыжырды кайнатканда
"Катын алсаң, отун ал" деген кепти өтмө мааниде да, түз мааниде да кабыл алса болот. Чынында эле тойдо отун көп кетет. Көбүрөөк камдап койбосоң айлаңдын кеткени ошол. Боорсок бышырышат, бир чоң казанда жылкынын этин кайнатып, экинчисине палоо басышат. Ошондой эле беш-алты койдун этин бышырып, самоорго чай кайнатыш керек. Эгер суу алыс болсо, эки-үч тонналык бочкага суу толтуруп, трактор менен сүйрөп алып келип койгон жакшы. Болбосо чакалап суу ташып куурайсың.

Кыргызда адамдын кандай экени, ким менен катышы бардыгы тойдо билинет. Себеби сен бирөөнүн тоюна барып кызмат кылсаң, сага да келишет. Жада калса досторуң да ошого карап мамиле кылат. Досторуңсуз той кызыксыз экени белгилүү. Анан сенин тоюңа келген досуңа себепсиз эле барбай койбо, ал таарынып, Таласка кетип калбасын.

Кайын журтуң тууралуу билип ал

Келиндерге окшоп кайын-журтуң менен жашабасаң да, маал-маалы менен барып турасың. Эгер алыс жактан үйлөнсөң алдын ала салт-санаасын билип алганың оң. Мисалы, Ош тарапта күйөө баланы жогору отургузуп сыйласа, Нарында кой соёсуң, эт бышырасың, самоор кайнатасың. Кой сойгонду билбесең да кайсы устукан улук экенин үйрөнүп кой.

Кыргызстан чакан болгону менен ар жердин өзүнчө салты бар. Мындан сырткары, ар бир үй-бүлөнүн өзүнчө эрежеси болот. Колуктуңдан алдын ала сурап, кимге кандай мамиле жасаш керек жана эмне жөнүндө кеп козгосоң тилиң күйүп каларын билип ал. Туура эмес сүйлөп алып өзүңдү да, аларды да ыңгайсыз кылба.

Тойдо өзгөчө көңүл бурула турчу жагдайлар

Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Үйүнөн көз жашын көлдөтүп, ата-энесинин ичин ачыштырган бойдон алып чыккан кызың бала чагынан бери тоюмда минтсем-тигинтсем деп кыялданган болот. Аны менен да акылдашып, пикирин угуп, чогуу чаран аракет кылганыңар жакшы. Тойду мен өткөрүп жатам деп эле өз билгениңди кыла бербе.

Анан алдын ала досторуң менен сүйлөшүп мээсине куюп кой, той башталганча эле мас болуп калып бир бурчта "концерт" коюп жүрүшпөсүн. Муну ресторанга жетпей калган досторду көргөндөн кийин айтып жатам.

Тамадага аял-эркекти кучактаткан уяттуу оюндарды жөн эле кой деп эскертип кой. Негизи эле тамада тандоодо өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени көптөн күткөн тоюңду кызыктуу да, кызыксыз да кылган ошол.

Буга чейин кесиптешим Гүлдана Талантбекова "ары-бери басып жүрө бербей даярдан!" деп турмушка чыкчу кыздар биле жүрчү жагдайларды айтып берген. Сиз да окуп, кыздарга жөнөтүп коюңуз. Азыртан даярдана берсин. Эртеби, кечпи баары бир турмушка чыгат да.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0