00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ары-бери басып жүрө бербей даярдан! Турмушка чыкчу кыз биле жүрчү жагдайлар

Жазылуу
"Мектепти аяктагандан кийин окууга сөзсүз тапшыр, аны бүтүп бир аз иште дагы турмушка чык!" деген сөздү жакындарынан кыздын баары эле укса керек. Колумнист Гүлдана Талантбекова 23 жашта. Демек, "бышып турган маалы" деп айтсак аша чапкандык болбос.

Бирок өзү турмушка даяр эмесмин дейт. Дагы "көп нерсе" үйрөнүшүм керек деген ойдо бул жааттагы "тажрыйбалуу" адамдардан турмушка чыгарда эмнелерди эске алуу керектигин сураштырып көрүптүр. Андан кийин көп уккан кеңеш, собол, акылдарды топтоп, окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрдү.

1. Күйөө бала каяктан? Оштонбу, Нарынданбы, Таластанбы? Кайда барсаң да бактылуу бол. Бирок жамандык-жакшылыкта катташканга, сенден кабар алып турганга "өзүбүз жактан" эле күйөө издештирсең жакшы болот эле... Карапайым эле бирөөгө бар. Бизден бай болсо да, такыр эле колунда болбой итке минип турса да сарсанаа болобуз. Кайын журтуң саламга келбей чиренип же күйөөң сени бага албай кыйналып турса, шорубуздун катканы. Өзүбүздөй эле адамдар болсун!

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген  салтанат - Sputnik Кыргызстан
Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?
2. Ошко барып таң атпай эшик шыпырбайм дей көрбө! Кайсы дубанга келин болуп барарыңды билбейсиң. Эгер болочок күйөөңдүн каяктык экендиги анык болсо, ал жашаган жердин каада-салттагы айырмачылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн билип кой. Маселен, түштүк тарапта жаңы келген келин күн чыга электе туруп эшик шыпырса, Көл жакта уй саадырат деп айтышат.

3. Ичип-чеккен, урган күйөөдөн алыс боло көр. Мындай балдар сүйлөшүп жүргөндө эле байкалат. Сүйдүм-күйдүм деп баш-отуң менен берилип кетпей, акыл менен калча. Сөзсүз бай күйөөнү издегендин кереги жок. Ары жагында бирдемеси бар экенин байкасаң, сени сыйласа, көз карашыңар туура келсе, "шансты" кое бербе.

Что входит в приданое кыргызской невесты - Sputnik Кыргызстан
Барган жеринен бак айтсын! Кызга сеп кантип жана канчага даярдалат. Инфографика
4. Ара-чолодо бир чоң чемодан алып коюп айлык алган сайын бирден ич кийим болсо да сала бер (Муну көбүнчө курбу-курдаштарым айтышты). Кийин турмушка чыгарда кийим-кечектин түрүн алат элем деп убара болосуң. Анан чемоданга сөзсүз жаңы кийим сатып алуунун кереги жок. Мурда гардеробуңда тургандарды жууп, үтүктөп, баштыктарга салып жакшынакай кылып тизип койсоң болот. Баса, чемоданды алып кетээрде үстүнө эң жакшы кийимдериңди сал!

5. Тамак жасаганды үйрөн. Эң башкысы чайды жакшы куй. Келин болуп барарың менен "жаңы кызматка" орношосуң. Чынынын тышына чейин эмес, бөксө куй. Чайнекти улам ысытып тур. Чай сунуп жатканда түптүз болбой ийилип сун. Анан сенин "чеберчилигиң" конок тоскондо билинет. Салаттын, тамактын бардык түрүн болбосо да 4-5 түрүн жасаганды өздөштүрүп ал. Билбейсиңби, курбуларыңа, эже-сиңдиңе, апаңа чал, эч эле болбосо интернетке кирип үйрөн.

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Айбанча коргой албадык... Кордук көргөн наристелердин убалы кимге?!
6. Кара жумушка даярдана бер, азыраак укта... Шаарга тиесиңби же айылгабы, айырмасы жок. Келин болгондон кийин эки бутту учкаштырып отура албайсың. Кайын журтуң менен бирге турбасаң да күнүмдүк тиричилик сенин мойнуңда. Чай кайнатып, тамак жасап, үй жыйнап, кийим-кечек жууп жатып эле эсиң оойт. Баарына жетишүү керек. Анан мына эс алам деп дем алыш күндү күтүп жатсаң, кайын журтуң "конок тособуз" деп чакырып же мейманчылап келип калышы мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш!

7. Кайын журтка ийкемдүү бол, кабагыңды бүркөбө! Эгер күйөө тарап төркүндөрүңө сый мамиле жасасын десең, өзүң дагы аларды сыйлап, ийилип турушуң керек. Негизи эле келин жолдошуна жана анын туугандарына жумшак мамиле кылганы оң. Бирөөгө жакшылык мамиле кылуу менен гана сен да ошондой жооп ала аласың. Үтүрөйүп кабагыңды бүркөбө, барганда күлүп-жайнап, алар келсе жакшынакай болуп тосуп алып тур. Келинди кайын журт кабагынан билет, кичине чыртыя түшсөң эле көңүлдөрү кирдейт, ооруйт.

8. Башкасын койдум, биринчи медициналык кароодон өт. Гинекологго барып көрүн дагы, ошого жараша эне болууга камын. Курт түшкөн тиштериң болсо дарылат. Болбосо төрөгөндөн кийин жаагың бошоп калат. Ички органдарыңды да текшерт, каныңдын тобун аныктап ал. Мүмкүн болсо болочок күйөөңө дагы саламаттыгына көңүл бур деп айт. Себеби дени сак баланын төрөлүшү бир гана аялзатынан көз каранды эмес.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0