"Муланга" тартылган каскадер Эрлан: 100 кишиден 13 адам тандалган

© Фото / Нургазы Бердалы уулуУчастник группы каскадеров Nomadstunts, трикстер Эрлан Жанышбек уулу (справа)
Участник группы каскадеров Nomadstunts, трикстер Эрлан Жанышбек уулу (справа) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул айда Walt Disney Studios компаниясы "Мулан" толук метраждуу тасмасынын таанытуу ролигин көрүүчүлөргө сунуштады. Бул 21 жыл мурун чыккан "Мулан" мультфильминин кайра тартылышы (ремейки). Тасманын сюжети боорукер кытай кызынын тегерегинде жүрөт. Ал эркектин кийимин кийип алып, көчмөн гунндар менен болгон согушка оорулуу атасынын ордуна жөнөйт.

"Диснейдин" бул тасмасына Жайдарбек Кунгужинов жетектеген Кыргызстан менен Казакстандын Nomad каскадерлор тобу да тартылды. Тартуу иштери кандай өткөнү, кыргызстандыктар ага кандайча аралашып калышканы туурасында белгилүү каскадер Эрлан Жеңишбек уулу айтып берди.

— Мындай сонун мүмкүнчүлүккө кандайча ээ болуп калдыңыз?

— Nomad Stunts кесипкөй каскадерлор тобунун түптөөчүсү Жайдарбек Кунгужинов себепкер болду. 2018-жылдын башында ал Walt Disney Studios компаниясынан чакыруу алат. Топтон ким барарын ал убакта биз билген эмеспиз. Жарым жыл күттүк, катаал тандоодон өттүк. Биздин топто 100 чакты каскадер бар, жыйынтыгында арасынан 13 киши тандалды. Жаңы Зеландияга барарымды атамекендик "Көк бөрү" тасмасына тартылып жаткан маалда кесиптештеримден уктум.

— Тасма качан, кайсы жерлерде тартылды? Фильмдеги сиздин катышууңуз канча убакытка созулду?

— Тасманын экшн бөлүгү Жаңы Зеландияда, ал эми Кытайда анын айрым бөлүктөрү тартылды. Кытайдагы съемкага биз катышкан жокпуз. Ал эми аралдык мамлекетке биз былтыр августтун ортосунда учуп барганбыз. Ал жакта төрт айча жүрдүк.

Тартуу иштери Жаңы Зеландиянын үч бөлөк шаарында — Бирхут, Твизел жана Окландда жүрдү. Адегенде биз Окландда болдук, кийин Пракай деген чакан шаарга алпарышты. Бир жумадай аттарыбызды даярдадык. Калган эки айды Бирхут менен Твизелде өткөрдүк.

© Фото / Замирбек АшимовЭрлан Жанышбек уулу: айрым трюктарды баш каарман менен чогуу аткардым. согуш майданында коштогон жоокерлерге дублердук кылдык. Сахналардын биринде биз Мулан менен бирге жаналгыч ниндзялардын артынан түшөбүз. Ошол убакта бизге ок чыгарышат, мен аттан кулашым керек эле.
Муланга тартылган каскадер Эрлан: 100 кишиден 13 адам тандалган - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Жанышбек уулу: айрым трюктарды баш каарман менен чогуу аткардым. согуш майданында коштогон жоокерлерге дублердук кылдык. Сахналардын биринде биз Мулан менен бирге жаналгыч ниндзялардын артынан түшөбүз. Ошол убакта бизге ок чыгарышат, мен аттан кулашым керек эле.

— Команданын курамында Кыргызстандан канча каскадер бар эле? Алар кандай ролдорду аткарышты?

— Кыргызстандан менден тышкары Мурат Бурханов, Дамир Аширов жана Нургазы Мамаражап уулу да тандалганын кийинчерээк билдим. Мамаражап уулу экөөбүз ат үстүндө туруу, мушташ, секириктерди аткардык, берки эки кесиптешибиз жигитовка зарыл болгон сахналарга тартылышты.

Nomad Stunts тобунун жетекчиси каскадер, хорс-тренер (саяпкер), актер жана трюктарды даярдоо боюнча адис катары чакырылган. Бирок баргандан кийин ага "Бөрүлөр" отрядынын командири — кол башчы Бори Ханды ойногон голливуд актеру Жейсон Скотт Лини дублердук кылуу сунушталды.

— Бир актердун трюктарын аткардыңызбы? Ролуңуз боюнча милдеттериңиз кандай эле?

— Каскадерлук трюктарды гана аткардым. Айрымдарын башкы каарман кыз менен катар ойной алдым. Мисалы, аны согуш майданында коштогон жоокерлерге дублердук кылдык. Сахналардын биринде биз Мулан менен бирге жаналгыч ниндзялардын артынан түшөбүз. Ошол убакта бизге ок чыгарышат, мен аттан кулашым керек.

© Фото / Нургазы Бердалы уулуЭрлан Жанышбек уулу: убактыбыздын жарымын аттарга көнүп, алар менен бардык трюктарды даярдоого жумшадык.
Муланга тартылган каскадер Эрлан: 100 кишиден 13 адам тандалган - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Жанышбек уулу: убактыбыздын жарымын аттарга көнүп, алар менен бардык трюктарды даярдоого жумшадык.

— Сиз ойногон сахналардын негизги бөлүгү ат үстүндө өтсө керек? Трюк аткаруу үчүн тапталган жылкыларды табыш кыйын болдубу?

— Аттарды биз бирге таптадык. Жылкыларды табыш кыйынга деле турган жок. Жаңы Зеландиянын беш миллиондук калкына 80 миллион бодо мал туура келет. Ар бир үйдө мал кармашат көрүнөт. Ал жактагы убактыбыздын жарымын аттарга көнүп, алар менен бардык трюктарды даярдоого жумшадык.

— Ичке дем каттырган экшн сахналарды жаратуу үчүн сиздердин топ кандай ыкмаларды ойлоп чыгарды?

— Биздин топ оор трюктарды аткарууга катышты, аттар менен болгон маневрларда, ар кыл курал-жарактар менен салгылашуу сахналарын коюу жана аткарууга, сахналык кыймылдарга катышты.

— Тасмага кытай императорунун ролунда Жет Ли, андан тышкары, Ип Мэндин ролу менен таанымал Донни Йен тартылды. Алар менен баарлашууга мүмкүнчүлүгүңүз болдубу?

— Жет Ли Жаңы Зеландияга келген жок. Донни Йен менен чогуу бир кадрга тартылдык, бирок тасма аянтчасында аны көп деле көрбөдүк. Тез тартылып коюп эле кетип калып жатты. Сүрөткө да түшпөй калдык, себеби уюштуруучулар бизге тыюу салышкан.

© Фото / Эрлан Жанышбек уулуЭрлан Жанышбек уулу: Walt Disney Studios мага таптакыр бөлөк деңгээлдей туюлду. Баары белен, бүт зарыл болгон нерселердин баары тартуу иштери жүргөн талаада даярдалган. Камералары эң акыркы үлгүдө, долбоорго абдан күчтүү актердук курамды чакырышат. Каскадер катары өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү, бир толкундагы кишилер менен бирге иштешкеним мага аябай жакшы болду.
Муланга тартылган каскадер Эрлан: 100 кишиден 13 адам тандалган - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Жанышбек уулу: Walt Disney Studios мага таптакыр бөлөк деңгээлдей туюлду. Баары белен, бүт зарыл болгон нерселердин баары тартуу иштери жүргөн талаада даярдалган. Камералары эң акыркы үлгүдө, долбоорго абдан күчтүү актердук курамды чакырышат. Каскадер катары өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү, бир толкундагы кишилер менен бирге иштешкеним мага аябай жакшы болду.

— Walt Disney Studios менен кызматташуу кандай экен? Кандай таасирде калдыңыз?

— Walt Disney Studios мага таптакыр бөлөк деңгээлдей туюлду. Баары белен, бүт зарыл болгон нерселердин баары тартуу иштери жүргөн талаада даярдалган. Камералары эң акыркы үлгүдө, долбоорго абдан күчтүү актердук курамды чакырышат. Каскадер катары өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү, бир толкундагы кишилер менен бирге иштешкеним мага аябай жакшы болду.

Эрлан Женишбек уулу "Көк бөрү", "Курманжан датка", "Кентавр", "Викинг", "Томирис", "Үй камагы", "Тыюу салынган бий", "Легенда о коловрате", "Тобол", "Казак баатырлары" тасмаларында трюктарды койгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0