00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Личный интерес
Айтматов и его наследие: Иссык-кульский форум как часть большой программы ШОС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан адал индустрияны өнүктүрүү боюнча алдыда — бирдиктүү реестр, лицензия, экспорт, стандарттар
09:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердүүлүгү: натыйжалар жана келечек
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Диний чөйрөнү иретке келтирүү: мыйзамдын маңызы жана практикалык колдонулушу
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мектептерде психологиялык басым күчөп жатат. Ата-энелер менен мугалимдер эмне кылышы керек?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Два языка, один мир: литературное наследие Айтматова
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Самсак Станалиевди эскерүү: чыгармачылык мурасы жана адабияттагы орду
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептерде психологиялык басым күчөп жатат. Ата-энелер менен мугалимдер эмне кылышы керек?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жашоо мүнөзүңдөн көз каранды! Арыктайм дегендердин 4 жаңылыш адаты

Жазылуу
Эксперт эгер бала кичине кезинен жашылча-жемиш жегенди үйрөнбөсө, кийин чоңойгондо туура тамактанат деп ойлоо туура эмес экенин белгилеп, калыптанып калган төрт жаңылыштыкка токтолду.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Туура тамактанып, жашоо мүнөзүн өзгөрткүсү келгендер үчүн коомдо калыптанып калган азыктануунун айланасындагы стереотиптер тууралуу РИА Новости эксперттер менен баарлашкан.

Врач-косметолог, дерматолог Наргиза Абдухашимова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дерматолог: беттин териси ички органдардын туура эмес иштешинен бузулат
Медицина илимдеринин кандидаты, терапевт-диетолог Екатерина Бурляеванын айтымында, тамакка болгон табит, адат бала чактан калыптанат. Эксперт эгер бала кичине кезинен жашылча-жемиш жегенди үйрөнбөсө, кийин чоңойгондо туура тамактанат деп ойлоо туура эмес экенин белгилеп, калыптанып калган төрт жаңылыштыкка токтолду.

1. Эртең менен тамакты тоё жеш керек. Адатта диетологдор ойгонгондон кийин тоё тамак жеген туура деп айтып келишкен. Эртең мененки тамактан баш тартуу экинчи типтеги кант диабетине, жүрөк ооруларына, кариеске алып келет деген пикир айтылчу. Үч жүз ыктыярчынын катышуусу менен өткөрүлгөн илимий изилдөө айтылгандарды жокко чыгарды.

"Эртең менен даам татпаган адамдар күн ичинде нанүштө жасагандарга караганда азыраак калорий кабыл ала турганы аныкталган. Демек, арыктоо үчүн тамактын бир сутка ичинде жеген калорийдин өлчөмү маанилүү. Адам рационун кыймылдаганына, машыкканына, эгер болсо өнөкөт ооруларына карап түзөт", — деди эксперт.

2. Сууну көп ичүү керек. Сууну көп ичүү чакырыгы анын бөтөлкөлөргө куюлуп сатыла баштагандан кийин күчөгөн. Бир суткада адам үч литрге жакын суу ичиши керек деп бир катар докладдарда айтылып келген. Бирок ал суунун бир тобу тамак-ашта болору тууралуу маалымат көз жаздымда калат.

"Азырынча сууну көп ичкен адамдын ден соолугу башкаларга караганда бекем экенин тастыктай турчу бир да далил табыла элек. Өзгөчө суу бөйрөктүн ишин жакшыртат же терини кургатпайт деген маалыматтар такталган жок. Адамдын организми бир суткада үч литрдей суу керектейт, бирок анын бир литрге жакыны мөмө-жемиште, жашылчада, шорпо, эт, балыкта болот. Чай, кофе дагы суусундукка кирет. Ошондо болгону 1,5 литри калат. Суу сөзсүз керек, аны киши иче алышынча гана ичиши керек", — деди Бурляева.

Анализге кан алып жаткан мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады
3. Майлардан баш тартуу керек. Нанга сүйкөлгөн майдан баш тартып, маргарин, майлуулугу аз сүт азыктарын колдонгондордун арыктап же саламаттыгы жакшырып кеткени байкала элек. Окумуштуулар майсыздандырылган азыктарга кант кошулуп, бул, тескерисинче, адамдын толушуна алып келүүдө дешет.

"Май кислоталары витаминдерди сиңирип, клеткаларды иштетип, жыныс гормондорун синтездейт. Демек, аларды толук жокко чыгарууга болбойт. Болгону алардын көлөмү суткалык рациондун 10 пайызынан ашпашы керек. Мындан тышкары, нандан да баш тартуу туура эмес. Албетте, нандын кандай түрүн жеп жатканыңыз да маанилүү", — деди дарыгер.

4. Сааты менен тамактануу керек. Диетологдун айтымында, адам убактысы менен тамактанышы керек. Бирок буга чейин тамакты бир күндө үч жолу гана жеш керек деген пикир жаңылыш. Мындан, ошондой эле тамак-ашты катуу чектеген диеталардын пайдасынан зыяны көбүрөөк.

"Негизи бир күндө беш жолу тамактануу туура. Эртең менен, түштө, анан кечке маал тамакты жакшы жеп, ортодо эки жолу шам-шум этүү керек. Мындай тартип табитти көзөмөлдөп, тамак сиңирүүчү органдардын ырааттуу иштешин камсыз кылат", — деди Бурляева.

Ал эми саат кечки 6дан кийин тамактан баш тартуу күн соңунда көп кыймылдабай, саат 10дун тегерегинде уктап калган адамдарга гана туура келери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0