Афганистан башчысы: өлкөдө баңгизат өндүргөн 53 лаборатория жок кылынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАфганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани
Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистан байкоочу макамга ээ. Саммит бүгүн соңуна чыгат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Афганистан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен жакындашууга кызыкдар. Бул тууралуу өлкө башчысы Ашраф Гани Ахмадзай аталган уюмдун жыйыны учурунда айтты.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Бишкекте өтүп жатат.

Ашраф Гани Ахмадзай акыркы жылдары республикада баңгизат өндүргөн 53 лаборатория жок кылынганын белгиледи. Ал ошондой эле баңгиге каршы күрөшүү боюнча Афганистанга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

"Афганистанда героин, амфетамин сыяктуу баңгизаттар өндүрүлөт. Бул бүтүндөй дүйнөнүн тынчын алууда. Бул көйгөйдө кандайдыр бир консенсуска келүү зарыл. Биз сиздер менен жакындашууга кызыкдарбыз", — деди Ахмадзай.

Белгилей кетсек, Афганистан Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу макамына ээ.

Ал эми өлкөнүн президенти кандай учак менен келип конгонун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0