Видео NBC News телеканалынын YouTube каналына жүктөлгөн.
Кадрларда 21-апрелде Шри-Ланкадагы Colombo"s Kingsbury отелинде болгон жардыруу көрсөтүлгөн.
Өткөн жумада Шри-Ланкада катары менен жарылуу болуп, 300дөн ашуун киши каза тапты. Бул жардырууларды "Ислам мамлекети" террордук уюму жасаганын моюнга алган.
Жума күнү, 26-апрелде, Калмунай шаарында дагы үч жардыруу болгон. Мындан улам полиция аралдын чыгышына коменданттык саат жарыялаган.
Өлкөнүн президенти Майтрипала Сирисенанын билдиргенине караганда, аралда аталган уюмдун 130-140 мүчөсү иш алып барат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жардырууну 10 жанкечти уюштурган, учурда сегизинин өздүгү такталды.