Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын мындан аркы тагдыры тууралуу айтты

Жазылуу
Депутат КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги ишин аткара берерин айтты.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери, депутат Иса Өмүркулов КСДП фракциясы парламенттеги ишин уланта турганын айтты.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламентте жаңы коалиция түзүү керектигин, анткени түзүмгө жаңы фракция кирип ("Республика —Ата Журт" — ред.), мыйзам бузулганын айткан. Андан сырткары, КСДП расмий түрдө оппозицияга өткөнүн, бирок анын фракциясы бийликте турганы мыйзамга каршы келерин билдирген.

Өмүркулов "Республика — Ата Журт" фракциясынын коалицияга кошулганында мыйзам бузуу болгон жок деп эсептейт. Анткени мыйзамда фракцияга кошулууга болбойт деген норма жок.

"Ал жерде кошулууга болбойт деп жазылган болсо, анда болбойт болчу. Андыктан кошулушу мыйзамдуу, учурда парламентте көпчүлүк коалиция бар, ал иштеп жатат. Ал эми фракция лидерлери коалицияда болуу же болбоону өздөрү чечет. Экинчиден, КСДПнын ичиндеги окуяларды көрүп жатасыздар, бүгүн партия де-факто жана де-юре экиге бөлүндү. Булар — экс-президентти колдогондор жана учурдагы мамлекет башчыны колдогондор. Бул жерде фракция менен партиянын бир бөлүгү оппозиция болом десе, ага мыйзам жол берет. Фракция коалицияда калабыз деп чечтик, мындан ары иштейбиз", — деди Өмүркулов.

Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДПга жаңы саясий кеңеш шайладык, мен лидер бойдон калам
Көпчүлүк коалициянын лидери Конституцияга ылайык оппозицияга тийиштүү комитеттер берилгенин айтты.

Андан сырткары, азыр оппозициябы, же позициябы, ынтымак менен иштеп, түрдүү башаламандыктарга жол бербей, депутаттар өз вазийпасын аткаруу керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев Иса Өмүркуловдун сөзүнөн кийин "Республика — Ата Журт" фракциясы көпчүлүк коалицияда эмес деп түшүнгөнүн айтты. Анын айтымында, логика боюнча жаңы фракция коалицияга кирсе, өкмөт жаңы түзүлүшү керек.

"Бүгүн легитимдүүлүк тууралуу сөз болуп жатат. Мына "Республика — Ата Журт" коалицияга кирди. Ал логика боюнча жаңы коалиция болду да. Анда коалиция жаңы өкмөттүн курамын сунушташы керек эле. Коалиция бул фракциядан куралат. Жаңы фракция кирсе, жаңы коалиция түзүлөт. Бул маселени мындай калтырбай чечиш керек. Конституциялык палатага бериш керек", — деди ал.

Спикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович  - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков КСДПга качан жана кандай шартта келгенин айтты
Төрөбаев ошондой эле көпчүлүк коалицияда төраганын ыйгарым укуктарын да белгилеп коюу керектигин сунуштады. Андан сырткары, "Республика — Ата Журт" фракциясына кайрылып, "силер коалициядасыңарбы же анын тиркемесисиңерби?" деп суроо салды.

Депутаттын мындай суроосуна төрага Дастан Жумабеков "Республика — Ата Журт" фракциясынын көпчүлүк коалицияга кириши мыйзамдуу болгонун айтып, эгер кандайдыр бир суроолор болсо, тийиштүү жактарга кайрылууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0