00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бала сатты делген гинекологдор. Ымыркайлар кантип соодаланган?

© AFP / JOEL SAGETЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш иши боюнча жалпы жети айыпталуучу бар. Алардын төртөө камакта.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жаңы төрөлгөн ымыркайларды саткан, мыйзамсыз аборт жасаган жана документ жасалмалаган деп айыпталган гинекологдордун кезектеги процесси өттү.

Эмнеден башталды эле?

2018-жылдын 7-сентярында бала сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип бир нече гинеколог кармалган. Жалпысынан сегиз дарыгер айыпталганы маалым. Sputnik Кыргызстан агенттигинин укук коргоо органдарындагы өздүк булактарынын маалыматы боюнча күнөөлөнгөндөрдүн үчөө №1 жана 18 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер болуп чыккан.

Кукла. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жаңы төрөлгөн ымыркайды каналга ыргытып жиберген дарыгер. Гинекологдордун соту
Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 124 ("Адам сатуу"), 116 ("Мыйзамсыз аборт кылуу") жана 350-беренелери ("Жасалма документтерди даярдоо, колдонуу") боюнча үч кылмыш иши козголгон. Тергөө көрсөткөндөй, бардык сатып алуучулар Кыргызстанда жашап жүрүп кийин Россиянын жарандыгын алгандар.

Ымыркайлар 3000 долларга сатылган

Буга чейин М.Ш. аттуу күбөлөрдүн бири сотто Э. М. аттуу чала тааныш аял башында уул баланы багып алууну сунуштап, кийин аны 3 миң долларга сатканын, ал "Орто-Сай" базарында сатуучу болуп иштей турганын айткан.

"Жанымдагы контейнерде ымыркайлардын кийимин сатышчу. Бир күнү эле ал жакта иштеген аялдын Э.М. деген кызы жумушка чыгып калды. Аны менен сүйлөшүп калып көп жылдардан бери боюнда болбой кыйналып жүргөн туугандарым бала асырап алууну пландап жатышканын айттым. Андан кийин башка нерселер тууралуу сүйлөшүп калдык", — деди күбө.

М.Ш. аттуу аялдын айтымында, бир нече күндөн кийин Э.М. телефон чалып, бала асырап алуу тууралуу сүйлөшүү болгонун эстетип, уул баланы 3 миң долларга сатып алууну сунуштаган. Бала сатып алууну каалаган адамдар дароо макул болушкан. Күбө ошондой эле Э.М. менен шаардагы кичирайондордун биринде жолугушуп, ал баланы жана андан баш тартуу тууралуу катты алып келип бергенин айтты. Дарыгерлерге болсо акча бир нече күндөн кийин берилген.

Кечээки отурумда "бала асырап алган" В.К. сотко он жылдан ашык мезгилден бери балалуу боло албай, жолдошу менен ажырашып кеткендигин дагы айткан. Ал узак убакыт Бишкекте дарыланып, андан соң чет өлкөгө иштегени чыгып, Россиянын жарандыгын алган. Келин 2016-жылы Кыргызстанга кайра дарыланууну улантуу үчүн кайтып келген. Бирок майнап чыккан эмес. Ошондо ал бала асырап алууну пландап, агасына айткан. Ал келинчегинин тууганы М.Ш. менен ушул тууралуу сүйлөшкөн.

Жительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
"Мага баланы сата турган таанышымдын дарыгери бар деп кабарлашты, мен макул болдум. Ошондо 3000 доллар керек дешти. Мен эч нерсени сурабастан бердим. Акчаны сүйүнчү деп ойлогом. Баланы айылга алып кеттип, ата-энеме көрсөттүк. Аны мен мыйзамдаштырып туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышым керек болгон. Консулдукка келип врач берген документтерди тапшыргам. Кийин мага чалып даяр болду дешти. Ал жакка келгенде милиционерлер мени кармашты ", — деди В.К.

Бала сатуу боюнча дагы бир факт

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун акушер-гинекологунун иши боюнча дагы бир Ж.О. аттуу күбө сотко балалуу боло албай жаткан бир бейтапка жардам берип кесиптешине алып келгендигин билдирди.

"2014-жылдан бери менде бир келин көзөмөлдөн өтүп жүргөн. Ал үч жолу көз жарып, бирок балдары оорудан улам чарчап калып жаткан. Акыркы баласы чарчап калганда кайра-кайра телефон чалып, жумушка көп келе баштаган. Бала таап берүүнү суранды. Анда мен ага балдар үйүнө кайрылуусун сунуштадым. Келин ал жакта узун кезек бар экенин жана балдар оорулуу болушу мүмкүн экенин айткан", — деди ал.

Кийин алар жолугушуп бала таап беришкен. Ымыркай канчага жана кандай шарттарда сатылганы белгисиз.

Мындан сырткары, Э.Ч. камакка алынган дарыгерлердин бири. Бирок ал белгисиз себептер менен үй камагына чыгарылган. Ошондой эле ал мурдагы жетекчиси менен соттошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0