Жаңы төрөлгөн ымыркайды каналга ыргытып жиберген дарыгер. Гинекологдордун соту

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКукла. Архивдик сүрөт
Кукла. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ымыркайларды сатуу жана мыйзамсыз аборт жасоого айыпталган жети гинекологдун бири ымыркайдын сөөгүн Кант жактагы каналга ыргытып жиберген. Бул тууралуу сот учурунда мамлекеттик айыптоочу билдирди.

Медицина кызматкерлеринин иши Биринчи Май райондук сотунда каралды. Сот иши башталар алдында айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерди залдан чыгарууну суранды, бирок судья иш ачык каралып жаткандыктан ЖМК өкүлдөрү кала берсе болорун айтты.

Прокурор айыптоочу өкүмдү окуп, акушер-гинеколог Ч.К. төрөт үйүнө ылайыкталбаган жеке медициналык борбордо төрөт кабыл алганын билдирди.

"Айыпталуучу анда көрүнүп жаткан бейтапты чакырып, аялга толгоону эрте келтире турчу дары сайган. Ал төрөгөндөн кийин ымыркайды энесине көрсөтпөстөн башка бөлмөгө алып кетишкен. Келинге бала өлүк төрөлдү деп айтып, ымыркайдын сөөгүн көрсөтүшкөн эмес", — деди Назыранбеков

Прокурор ошондой эле төрөттөн кийин бала чарчап калганын жана анын сөөгүн Ч.К. аттуу акушер-гинеколог Кантка бараткан жолдогу каналга ыргытып жибергенин кошумчалады.

Дарыгер-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ташиева: бир жылда расмий түрдө 19 миңдей аял боюнан алдырат
Бишкекте 2018-жылы 7-сентябрда балдарды сатуу жана мыйзамсыз аборт жасап келген деген кине менен бир нече гинекологдор кармалган. Жалпысынан 8 медицина кызматкери кылмышка шектелген. Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү булактарынын маалыматы боюнча айыпталгандардын үчөө №1, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №4 төрөт үйүндө иштеп келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси — 116-берене ("Мыйзамсыз аборт кылуу"), 124-берене ("Адам сатуу") жана 350-берене ("Документтерди жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө бул кылмыш иштерине чет элдиктердин тиешеси жок экенин маалымдаган. Балдарды негизинен Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0