БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШнын Нэшвилл штатында өткөн UFC Fight Night 148 турниринин негизги беттешинде Энтони Петтис Стивен Томпсон менен салгылашып жеңишке жетти. Кармаштын видеосун UFC уюму Twitter баракчасына жарыялаган.
Showtime Superman Punch?@ShowtimePettis finishes Thompson in round 2! #UFCNashville pic.twitter.com/m5D7PkvyHm
— UFC (@ufc) 24 марта 2019 г.
Экинчи раунддун бүтөрүнө беш секунд калганда, Петтис каршылашын нокаутка кетирген. Ал Томпсондун башына катуу сокку урган. Мындай ыкма эрежесиз урушта "Супермендин соккусу" деп аталат.
Маалым болгондой, бул Петтистин орто салмактагы биринчи кармашы. Буга чейин 32 жаштагы спортчу UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси болгон.