БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Тыныстанов көчөсүнө курула турган бала бакчаны долбоорлоого тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аталган бакча 140 балага ылайыкташкан.
Бакчаны долбоорлоого 1 миллион 446 миң 46 сом жумшоо пландалып жатат. Сынакка катышууга арыз 27-февралга чейин кабыл алынат.
Аткарыла турчу иштер мэриянын расмий сайтында толук жазылган.